Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралындагы №3/8
«Исфана шаар мэриясына караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясына караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кайрадан комиссия курамын курамын бекитүү жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Х. Тиллаев – Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
2. И. Халиков - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
3. А. Балтабаев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
4. М. Узаков - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
5. Т. Курбанов - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
6. З. Камалов – Исфана шарынын вице-мэри;
7. К. Шамшиев – Исфана шаар мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча башкы адиси;
8. А. Канзаманов – Чимген АӨӨБКнин төрагасы;
9. Ж. Асанова – “Билек” коомдук фондунун жетекчиси.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |