Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралындагы №3/9
«Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укукту берүү боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин:
1. С. Жаназаков – Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
2. Т. Абдуллаев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
3. Ф. Джээналиев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
4. А. Бабаев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
5. Ж. Якубжанов - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
6. З. Камалов – Исфана шаарынын вице-мэри;
7. Ж. Кадыров – Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы;
8. У. Алимбаев - Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси;
9. А. Аитов – Лейлек райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын адиси:
10. А.Бабаев – Сүлүктү-Лейлек территориялдык мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын башкы адиси;
11. Ж. Асанова – “Билек” коомдук фондунун жетекчиси.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |