Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралындагы №3/10
“Чимген айылындагы суу кампасы жайгашкан 2,19га жер тилкесин муниципалдык менчикке баланска алууга макулдук берүү жөнүндө”
Исфана шаар мэриясынын Чимген айылындагы суу кампасы жайгашкан 2,19га жер тилкесин муниципалдык менчикке баланска алууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарына караштуу Чимген айылындагы суу кампасы жайгашкан 2,19га жер тилкесин муниципалдык менчикке баланска алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |