ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын VI сессиясы
2017-жылдын 27-мартындагы №4/1
«Исфана шаардык Кенешинин 2014-жылдын 14-мартындагы №10/10, 2017-жылдын 23-январындагы №2/4 сандуу токтомдорун күчүн жоготту деп табуу жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 535-контурундагы 2,0га кайрак айдоо жерлерин социалдык объектилердин жерлери категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин 2014-жылдын 14-мартындагы №10/10, 2017-жылдын 23-январындагы №2/4 сандуу токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
2. Исфана шаарына караштуу мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 535-контурундагы 2,0 га кайрак айдоо жерлерин трансформациялоого жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан жана тиешелүү жогорку органдарынан суралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |