Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-мартындагы №4/2
«Исфана шаардык Кенешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №3 сандуу токтомун жараксыз деп табуу жана Исфана жайыт комитетине тийиштүү милдеттерди жүктөө жөнүндө»
Исфана жайыт комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана жайыт жерлерин натыйжалуу, сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №3 сандуу токтому жараксыз деп табылсын.
2. Исфана шаар аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну Исфана шаардык Кенеши тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайра Исфана шаар аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынаары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине эскертилсин.
5. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга Исфана шаар аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайытттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убаганда толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип турууга милдеттүү.
6. Жайыт комитетине Исфана шаар аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
Төрага | Б.И. Тагаев |