Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрелиндеги №5/1
«Исфана шаарынын аймагында мал багуунун тартиптери жана шарттары жөнүндөгү” Жобосун бекитүү жана Исфана шаар мэриясынын алдында укук бузууларды кароо жана административдик жаза чараларын көрүү боюнча администрациялык комиссия түзүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Мыйзамынын 185, 186, 506-2 жана 509-беренелерине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагында мал багуунун тартиптери жана шарттары жөнүндөгү” Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Исфана шаар мэриясынын алдында укук бузууларды кароо жана административдик жаза чараларын көрүү боюнча курамы 7 (жети) адамдан турган администрациялык комиссия түзүлсүн.
3. Администрациялык комиссияга Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Мыйзамынын 185, 186 -беренелерине жана Исфана шаарынын аймагында мал багуунун тартиптери жана шарттары жөнүндөгү” Жобого ылайык каралган укук бузууларга тийиштүү административдик чара көрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын 2017-жылдын
5-апрелиндеги кезексиз V сессиясынын
№ 5/1 сандуу токтомуна тиркеме
Мал кармап багуунун тартиби жана шарттары;
Шаардын аймагында мал кармап багуучулардын укугу:
- Шаар тургундары менчик мал (түрүнө карабай) кармап багуу;
- Баккан малын базарларда тирүүлөй же эт түрүндө макулдашылган баада сатуу;
- Турмуш-тиричилигине байланыштуу шаардын аймагынан алып чыгууга, алмаштырууга
жана бирөөлөргө тартуу кылууга;
- Мамлекеттик ветеринардык кызматтан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген шарттарда пайдаланууга.
Шаардын аймагында мал кармап багуучулардын милдеттери:
Кармап баккан малдарын (түрүнө карабай) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардан (кварталдык комитет, стат, ветеринар ж. б.) каттоодон өткөрүп
турууга;
- Мал багуунун санитардык-гигиеналык шарттарын туура сактоого;
- Малды жайкысын жайлоого чыгарууга же шаардын сыртына кайтарып багууга;
- Жыл бою шаарда баккандар, малды короодо кармап багууга;
- Малдын кыгын жана чөп-жеминин калдыктарын чыгарып шаар ичин булгабоого жана
мал ээлери калдыктарды, таштандыларды чыгаруу үчүн Исфана шаардык муниципалдык “Лейлек-Тазалык” ишканасы менен келишим түзүп, келишимдин негизинде шаардын белгиленген борбордук таштанды төгүүчү жайга төгүүгө;
- Көчөлөрдүн жээктеринде, тротуарларда, парктарда, скверлерде, газондордо жана башка шаардыктар жана шаардын коноктору эс ала турган жайларда малды бакпоого;
- Суу колонкаларында, фонтандарда жана башка коомдук жайларда малды суугарбоого;
- Шаар ичине малды кароосуз айдап жибербөөгө;
- Ветеринардык-санитардык кызматтардын аныктамалары (справка) жок малды кармабоого, сатпоого, алып келбөөгө жана шаардан чыгарып кетпөөгө;
- Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамынын 23, 26, 27, 35-беренелерине ылайык мал ээлери мал күтүүдө аларга тиешелүү шарттарды түзүүгө, тоюттандырууга жана асыроого;
- Сатылып алынып келинген, же тартууга ыйгарылган малдарды дароо кварталдык комитетке жана ветеринардык органдарга кабарлоого жана малдарды тоюттандырууга, ден-соолугу жана башка көрүнүштөр тууралуу маалымдап турууга;
- Малды маал-маалы менен тиешелүү эмдөөлөрдөн милдеттүү түрдө өткөрүп турууга жана ооругандарын өз убагында дарылатууга.
Шаарда жана шаарга караштуу айылдарда мал кармап багуунун шарттарын бузгандар үчүн көрүлүүчү чаралар:
Шаардын аймагында мал кармап багуунун шарттарын бузган, малды шаар ичине элдердин үлүштөрүнө кароосуз айдап жиберип парктарды, скверлерди жана башка корулуучу жайларды тебелетип, бак-дарактарды сындырган жана тиричилик таштандыларында жүргөн мал жандыктары шаардык тазалык мекемеситарабынан сунушталган атайын аймактардагы короолоруна камалып, алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 185,186-беренелеринин негизинде Исфана шаар мэриясынын алдындагы укук бузууларды кароо жана административдик чараларды көрүү боюнча администрациялык комиссия тарабынан жоопкерчилик чаралары көрүлөт.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы укук бузууларды кароо жана административдик чараларды көрүү боюнча администрациялык
комиссиясынын укуктары:
- Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” Кодексинин (мындар ары Кодекс) жана ушул Жобону жетекчиликке алуу;
- Кодекстин 185 жана 186, 191-195-статьяларында, 251-статьянын экинчи бөлүгүндө, 372, 387, 388, 411, 435-439, 487, 488-497-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана администрациялык жаза чараларды көрүү;
- Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү анча чоң эмес же олуттуу өлчөмдө экендигин аныктоо жана Кодекстин негизинде айып салууну аныктоо;
- Менчигинин таризине карабастан, табигый жана эгилме жайыт жерлерди зыянга учуратып, жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда мал жайуу, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан, табигый жана эгилме жайыттар аркылуу мал айдап өтүүдө келтирилген зыяндарга Кодекстин 186-беренесине ылайык чара көрүү.
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында каралган башка чараларды көрүү.
Исфана шаардык кенешинин
жооптуу катчысы: З. Туяков