Редакцияот 05.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын V сессиясы

 

2017-жылдын 5-апрелиндеги №5/2

 

«З. З. Байзоковду Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Исфана таза суу” муниципалдык менчик ишканасынын башчысы кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө»

Исфана шаар мэриясынын З. З. Байзоковду Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. З. З. Байзоковду Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы  кызматына дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.И. Тагаев