Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-майындагы №6/1
«Чимген айылындагы суу кампасын жана аралыгы 5км болгон таза суу түтүгүн муниципалдык менчикке алууга жана “Серпая” участкасындагы суу кампасын мөөнөтсүз пайдаланууга жана узундугу 1км болгон, аянты 10,0 мин кв.метрди тузгон таза суу түтүгүн реаблитациялоо үчүн сервитут мыйзамы боюнча пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын “Чимген айылындагы суу кампасын жана аралыгы 5км болгон таза суу түтүгүн муниципалдык менчикке алууга жана “Серпая” участкасындагы суу кампасын мөөнөтсүз пайдаланууга жана узундугу 1км болгон, аянты 10,0 мин кв. метрди тузгон таза суу түтүгүн реаблитациялоо үчүн сервитут мыйзамы боюнча пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү”сунушун угуп жана талкуулап, Чимген айылындагы суу кампасынан жана Самат айылына чейинки аралыгы 5км болгон таза суудан жалан Исфана шаарына караштуу Чимген, Кара-Таш, Беш-Бала, Калта-Кол, Самат жана Мурза-Патча айылдарынын эли гана бир канча жылдан бери пайдаланып келе жаткандыгын эске алып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чимген айылындагы суу кампасын жана Самат айылына чейинки аралыгы 5км болгон таза суу түтүгүн мыйзамга ылайык Исфана шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. “Серпая” участкасындагы №17 контурдагы 10858,9 кв.метр жер тилкесинде жайгашкан суу кампасын мөөнөтсүз пайдаланууга жана узундугу 1км болгон, аянты 10,0 мин кв.метрди тузгон таза суу түтүгүн реаблитациялоо үчүн Сүлүктү шаарына сервитут мыйзамы боюнча пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун 1-2 пункттарында көрсөтүлгөн маселелер бирдей каралууга жатат андай болбогон учурда юридикалык күчүн жоготот.
4. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясына тапшырылсын.
5. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.И. Тагаев |