Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-майындагы №6/2
«№535- контурдагы 2,0га жер тилкесин “Ас-сафа борбору” коомдук бирикмесине пайдалануу үчүн ижарага берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагындагы №535-контурдагы 2,0га жер тилкесин “Ас-сафа борбору” коомдук бирикмесине пайдалануу үчүн айына 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө ижара акысы белгиленсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |