Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-майындагы №6/3
«Исфана шаарынын Пулон участкасындагы Исфана-Равахана жолунун чыгыш тарабындагы жаны конушка “Жаш-Тилек” наамын берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын Пулон участкасындагы Исфана-Равахана жолунун чыгыш тарабындагы жаны конушка “Жаш-Тилек” наамы ыйгарылсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |