Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июнундагы №7/1
«Исфана шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 16-июнундагы №19/10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын «Исфана шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 16-июнундагы №19/10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 16-июнундагы №19/10 токтомунунун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
2. “Самат Садыков” атындагы эс алуу багы муниципалдык менчике алынгандан кийин жалпы пайдалануудагы жер болгондуктан менчике берилбейт жана өзгөчө учурларда гана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.
3. Токтомдун 2,3,4 жана 5 пунктары 3,4,5 жана 6 пункт болуп өзгөртүлсүн жана 2,3 пункттардагы “Самат” деген сөздөрдөн кийин “Садыков” деген сөздөр менен толукталсын.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.И. Тагаев |