ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын VII сессиясы
2017-жылдын 1-июнундагы №7/2
«Айыл чарба багытындагы (таштак жайыт) жерлерди бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын айыл чарба багытындагы (таштак жайыт) жерлерди бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын Жаштык участкасындагы 144-контурдагы 2,7 га, 123-контурдагы 2,4 га жана Бозогүл участкасындагы 56-контурдагы 2,5 га жер тилкелерин айыл чарба багытындагы (таштак жайыт) жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына, жалпы 7,6 га жерлерин которууга макулдук берилсин.
2. Исфана шаар мэриясынын карамагындагы 7,6 га айыл чарба багытындагы (таштак жайыт) жерлерин трансформациялоо жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан жана тийиштүү органдардан суралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |