Редакцияот 01.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 1-июнундагы №7/5

 

«Исфана шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 3-майындагы  №6/1 сандуу токтомуна озгортуу жана толуктоо киргизуу жөнүндө»

Исфана шаар мэриясынын “Исфана шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 3-майындагы  №6/1 сандуу токтомуна озгортуу жана толуктоо киргизуу жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин 2-болумуно  ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 3-майындагы №6/1 сандуу токтомунун 1-пунктундагы “суу түтүгүн” деген сөздөн кийин “суу линиялары жана суу кампасы жайгашкан жерлерди Сүлүктү шаарына мыйзамга ылайык убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин” деген сөздор менен толукталсын. 

2. Токтомдогу 3-пункт жараксыз деп табылсын жана “Чимген айылындагы суу кампасын жана аралыгы 5 км болгон таза суу түтүгүн муниципалдык менчикке алууга” деген сөздор алынып салынсын.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн суу түтүгүнөн пайдаланган Исфана шаарына караштуу Чимген, Кара-Таш, Беш-Бала, Калта-Кол, Самат жана Мурза-Патча айылдарынын калкын үзүгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо жана таза сууга болгон бааны жеңилдетилген 50%дык тариф менен бекитуу жагы Сүлүктү шаарынын мэриясынан жана Сүлүктү шаардык Кеңешинен суралсын.

4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.И. Тагаев