Редакцияот 05.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын VIII сессиясы

 

2017-жылдын 5-июлундагы №8/1

 «Исфана шаарынын аксакалдар соту, аялдар жана жаштар кеңештеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө»

Исфана шаар мэриясына караштуу Исфана шаарынын аксакалдар соту, аялдар жана жаштар кеңештеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө маалыматтарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору” Мыйзамынын 35-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Исфана шаар мэриясына караштуу Исфана шаарынын аксакалдар соту, аялдар жана жаштар кеңештеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.И. Тагаев