Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлундагы №8/2
«Исфана шаарынын аймагындагы үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуу боюнча кабыл алынган Жобонун аткарылышы боюнча Исфана шаар мэриясынын жургузуп жаткан иштери жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаардык Кенешинин 2016-жылдын 26-октябрындагы №30/2 токтомун аткарылышы жана Исфана шаарынын аймагындагы үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуунун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жургузуп жаткан иштери жонундо сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-10 пункттарына ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин 2016-жылдын 26-октябрындагы №30/2 токтомун аткарылышы жана Исфана шаарынын аймагындагы үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуунун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын. (Маалымат тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
| Төрага | Б.И. Тагаев | |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын |
| ||
2017-жылдын 5-июлундагы кезектеги VIII |
| ||
сессиясынын №8/2 токтомуна тиркеме |
| ||
Урп-адаттарды жана каада-салттарды жонго салуу боюнча элдин суроо-талабын жана элдик жыйындарда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен 2016-жылдын 10-сентябрында Исфана шаар мэриясынын жыйындар залында чон жыйын откорулгон. Бул жыйынга шаардык кенештин депутаттары, шаардын жана айылдардын жашоочулары, мечит имамдары, аксакалдар, аялдар кенештери жана жаштардын окулдору катышты. Урп-адаттарды жана каада-салттарды жонго салу боюнча жобо талкууланып, чогулуштун жыйынтыгы менен шаардык Кенешке жобону бекитип беруу жагы сунушталды. Ал эми Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын 2016-жылдын 26-октябрындагы №30/2 токтомунун негизинде жобо бекитилгенден кийин шаар мэриясында комиссия курамы тузулгон. Комиссиянын торагасы болуп Исфана шаарынын вице-мэри З.Камалов жана орун басары болуп шаар мэриясынын аялдар кенешинин торайымы К.Бердиярова бекитилген. Комиссия жалпы курамы 32 адамдан, т.а. шаардык Кенештин депутаттары, ардагерлер жана аялдар кенештеринин окулдору, АООБКнын торагалары, шаардык активистери, кочо комитеттери жана дин окулдорунон турат. Жобо шаарын аймагындагы бардык мечиттерге, аялдар кенештеринин мучолоруно жана АООБКнын торагаларына таркатылган. Комиссия курамы тузулгондон баштап жер-жерлерде, кочо-кочолордо, элдик жыйындарда, жолугушууларда, жада калса туздон-туз адамдардын мааракелерине барып, тушундуруу жана жаныдан бекитилген жобо тууралуу маалымат беруу иштери жургузулгон. Той мааракелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу мааракелерин откоруудо жобого ылайык отуусуно козомол жургузуу жага АООБКнын торагаларынын жеке жоопкерчилигине тапшырылып, шаар мэриясынын ар бир аппараттык кенешмелеринде аткарылган жумуштар тууралуу маалымат суралат. Мындан сырткары жобого каршы болуп, чектен чыккан, мисалы кечинде коюлуучу музыка оз убагында токтотпогон жарандарга райондук ички иштер болумунун аймактык тескоочулорунун жардамында тушундуруу жана кырдаалды жоюу иштери аткарылууда.
Исфана шаарынын вице-мэри
комиссиянын торагасы: З.Камалов