Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлундагы №8/4
«Исфана шаар мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчету»
Исфана шаар мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын. (Отчет тиркелет).
2. Исфана шаар мэриясынын алдындагы алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин аткарып жаткан иштеринде жетишкендиктер менен катар кээ бир иш чаралардын аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын |
2017-жылдын 5-июлундагы кезектеги VIII |
сессиясынын №8/4 токтомуна тиркеме |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин
2017-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча
МААЛЫМАТ
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде штат боюнча жалпы – 8 киши бекитилген: 1 департаменттин башчысы, 1 башкы бухгалтер, 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 оператор-катчы, 1 чарба башчысы, 1 кароолчу, 1 тазалоочу.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2017-жылдын жарым жыл ичинде жогорку орган жана мекеме уюмдардан 86 кат, атуулдар тарабынан 800 арыздар түшкөн. Алардан 500 арыз турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө 300 арыз ар түрдүү жер тилкелерин ижарага алуу жана башка ар түрдүү маселелер жөнүндө. Арыз жана каттарга өз убагында жооп берилген.
Бөлүмдүн негизги аткаруучу функциясы- муниципалдык менчикти эксплуатациялоо, башкаруу, сактоо, көбөйтүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу болуп саналат.
Муниципалдык менчик департаментинде муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдөн – 57168 сомду түзгөн жана Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке сатуудан 220000 сомду түзгөн, жалпысынан алганда Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетине суммасы 277168 сомду түзгөн киреше түшкөн.
2017-жылдын жарым жылдыгын 2016-жылдын жарым жылдыгына салыш тырмалуу ижара боюнча түшкөн кирешелер.
2016-жыл | 2017-жыл | ||||
план | аткарылды | % | план | аткарылды | % |
112500 | 115900 | 103% | 114200 | 57168 | 50 |
2017-жылдын жарым жылдыгын 2016-жылдын жарым жылдыгына салыш тырмалуу сатуудан түшкөн кирешелер.
2016-жыл | 2016-жыл | ||||
план | аткарылды | % | план | аткарылды | % |
1,5млн | 102000 | 6,8% | 501600 | 220000 | 43,8 |
Чыгымдар боюнча:
№ | Түрү | 2015-жыл |
1 | Эмгек акы жана соц.фонд | 271700 |
2 | Сапар чыгымдары | 10000 |
3 | Ар түрдүү чыгымдар | 688629 |
4 |
|
|
2017-жылда тузулгон келишимдер боюнча Муниципалдык менчик департаменти тарабынан которулган акчалардын тизмеси тиркелет.
Иш-чараларда көрсөтүлгөн проектилер боюнча:
1) Ак-Булак, Тайлан, Могол-Тажикен, Бозогул, Пулон, Кашка, Жаштык, участкаларына турак-жай куруу учун жер тилкелери бөлүнүп берилди берилди.
2) Исфана шаары аймагындагы №410 кон турунан 1.40 кайрак айдоо жер тилкесине “Ас-сафа” коомдук бирикмеси тоголок-жетим, жетим, турмуш-шарты оор, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдары учун окуу борборунун имаратын курууга тийиштүү иш кагаздары толугу менен бүткөрүлүп курулуш иштери башталды.
3) Тайлан ФАПтын тийиштүү документтери толугу менен аткарылып, курулушка конкурска (тендерге) берилди .
4) Исфана шаар мэриясына караштуу мектептер жана балдар бакчаларына кошумча имараттарды куруу боюнча берилген билдирүүлөрдүн негизинде керектүү мекеме уюмдардан тийиштүү болгон иш кагаздары даярдалып берилди.
5) Исфана шаарынын көчөлөрүңдө автоунаа токтоочу жана соода точкаларын тартипке келтирүү максатында Додосьян көчөсүнө автоунаалар коюучу жайлар уюштурулуп, бүгүнкү күндө иштеп жатат.
Муниципалдык менчик
департаментинин башчысы: Ж.Кадыров