Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлундагы №8/6
«Исфана шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен “Барчын” балдар бакчасынын айланасына асфальт төшөө үчүн 295,0 мин сом, Кара-Таш, Беш-Бала жана Калта-Кол айылдарын чексиз интернет байланышы менен камсыз кылуу максатында кабель тартуу үчүн 112,5 мин сом жана АРИСтин долбоору менен грейдер алуу үчүн 25%дык салым кароого 250,0 мин сом акча каражаты салым катары ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |