Редакцияот 05.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын VIII сессиясы

 

2017-жылдын 5-июлундагы №8/7

«Исфана шаар мэриясынын аймагындагы (Ведение) 1,0 га жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 12,га  кайрак айдоо жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө»

Исфана шаар мэриясынын Исфана шаар мэриясынын аймагындагы (Ведение) 1,0 га жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 12,га  кайрак айдоо жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы (Ведение) №535 контурдагы  1,0 га жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 12,га  кайрак айдоо жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери  категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.И. Тагаев