Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлундагы №8/8
«Исфана шаардык Кенешинин 2015-жылдын декабрындагы №21/7 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаардык Кенешинин 2015-жылдын 18-декабрындагы №21/7 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин 2015-жылдын 18-декабрындагы №21/7 сандуу токтомунун 1-пункту жана тиркелген экспликациясы жараксыз деп табылсын жана 1-пункт толугу менен “Исфана шаарына караштуу Кароол-Дөн участкасындагы 6,54га жайыт жерлерин өнөр жай, транспорт жана байланыш категориясына которууга уруксат берилсин” деген мазмунда жазылсын. (Экспликация тиркелет).
2. Токтомдун 2-пунктундагы “кайра бөлүштүрүү фондунун 15,20га” деген сөздор “Кароол-Дон участкасындагы 6,54 га” деген сөздор менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин
V чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын №8/8 токтомуна
тиркеме
Исфана шаар мэриясына караштуу Кароол-Дон участкасынан мамлекеттик маанидеги автоунаа жол куруу учун жайыт жерлерден тандалган жер участокторунун
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
№
| Контур № | Бардык жер га | Анын ичинен, га | Айылдар | Участок | Эскертуу | |
Жайыт | Башка жер |
|
| ||||
1 | 1 | 2,18 | 2,18 |
|
| Кароол-Дон | Онор жай, транспорт жана байланыш категориясына |
2 | 27 | 0,52 | 0,52 |
|
| - | - |
3 | 59 | 1,68 | 1,68 |
|
| - | - |
4 | 73 | 1,08 | 1,08 |
|
| - | - |
5 | 67 | 0,28 | 0,28 |
|
| - | - |
6 | 181 | 0,80 | 0,80 |
|
| - | - |
Бардыгы | 6,54 | 6,54 |
|
| - | - | |
Исфана шаардык Кенешинин жооптуу катчысы: З.Туяков