Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-январындагы №7
«С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жѳнүндѳ
С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн Бек-Абад айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколун негиздеп, демилгелүү жаштардын бири Жалал-Абад областындагы 7-канал телекомпаниясынын кызматкери Рахманов Откурбек Кубанычбековичке наам берүү жөнүндө социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап С.Атабеков айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон салымы жана эмгектеги жетишкендиктери үчүн Бек-Абад айылынын тургуну Рахманов Откурбек Кубанычбековичке «С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн ардактуу атуулу» наамы берилсин.
Төрага | А. Калмурзаев |