Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-январындагы №12
Кѳчѳгѳ наам берүү жѳнүндѳ
С.Атабеков айыл ѳкмѳтүндѳгү Бек-Абад айылындагы Мамат-Ата май куючу жай участкасындагы тургундарынын жалпы чогулушунун протоколун негиздеп, айылдын белгилүү ардагери, Тендик колхозунда кѳп жыл үзүрлүү эмгектенген атуул Паизова Бахтила жөнүндө укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап С.Атабеков айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бек-Абад айылындагы Мамат-Ата май куючу жай участкасындагы кѳчѳгѳ Паизова Бахтиланын наамы берилсин.
2. Бардык тийиштүү юридикалык иш кагаздарын тактап иш жүргүзүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Шералиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Калмурзаев |