Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-январындагы №13
Ширин орто мектебине ысым берүү жѳнүндѳ
С.Атабеков айыл ѳкмѳтүндѳгү Ширин орто мектебинин мектеп коллективинин жалпы чогулушунун жана айылдын жалпы чогулушунун протоколунун жана кайрылуусунун негизинде айылдын белгилүү инсандарынын бири, айыл ѳкмѳтүнүн социалдык–экономикалык ѳнүгүүсүнѳ зор салымын кошкон, элдин ишенимин актаган атуулдарыбыздын бири Нишанов Бекташ жөнүндө социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап С.Атабеков айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Ширин айылындагы Ширин орто мектебине Нишанов Бекташтын ысымы берилсин.
2. Бардык тийиштүү юридикалык иш кагаздарын тактап иш жүргүзүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Шералиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Калмурзаев |