Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-январындагы №16
Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша булактарын бекитүү жѳнүндѳ
С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Карабаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Атабеков айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 14801,9 миӊ сом, атайын каражаттар 3930,0 миӊ сом ана теӊдѳѳ гранты 15138,9 миӊ сом кошулуп жалпы 33870,8 миӊ сом бекитилсин.
2. Теӊдѳѳ гранттын кѳлѳмү 2018-жылга 15138,9 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.
3. Айыл ѳкмѳттүн бюджеттик чыгымдары бѳлүмдѳр аралык жана статьялар аралык бѳлүнүшү 33870,8 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 02.05.2015 жыл №87 токтомуна ылайык 2018-жылга электр энергиясына билим берүү бѳлүмүнѳ 588,5 миӊ кВт, аппарат бѳлүмүнѳ 51,5 миӊ кВт жалпы 640,0 миӊ кВт эл.энергия лимити бюджеттик мекемелерге бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 15.01.2008-жылдагы №7 токтомуна ылайык күнүнѳ жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон акча каражаты бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 200,0 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте кѳрсѳтүлгѳн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
7. Пландык кѳрсѳткүчтѳрдѳн ашыкча жыйналган кирешелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык айылдык Кеӊештин чечиминин негизинде пайдалануу эскертилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн башкаруу бѳлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 08-июль 2013-жылдын №403 токтомуна ылайык штат бирдиги жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 01-март 2017-жылдагы №131, 07-август 2017-жылдагы №466 токтомуна ылайык 6561,0 миӊ сом эмгек акы фондусу менен бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 08-июлдагы №403 токтомуна ылайык айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы айылдардын жана калктын санына жараша 14 айыл башчы штат жана аскерге каттоо бѳлүмүнүн 5 штат бирдиги кармалсын.
10. Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жылдагы №75 мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жѳнүндѳгү мыйзамынын 31 беренесинин 7 пункттарына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлеринин ишин баалоону эске алуу менен сый акы толоого эмгек акы фондуна 130,5 миӊ сом, анын социалдык фондуна чегерүүсүнѳ 22,3 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ акча каражаты каралсын.
11. Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жылдагы №75 “Мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жѳнүндѳгү” мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык кызматкерлерди материалдык жактан колдоо максатында социалдык тиричилик маселелерин чечүү үчүн материалдык жардам эмгек акы фондуна 358,9 миӊ сом, анын соц.фондко чегерүүсүнѳ 61,9 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ акча каражаты каралсын.
12. 2018-жылга айылдык жайыт пайдалануучулар комитетине жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана жайыт комитетинин кызматкерлерине эмгек акы 199,2 миӊ сом, соц.фондко 34,4 миӊ сом, 22154900 (ар түрдүү башка чыгымдар) статьясынан 184,6 миӊ сом тѳлѳнсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 31.01.2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде айыл ѳкмѳтүнүн маданият кызматкерлерине штаттык бирдиги 473,4 миӊ сом эмгек акы фондусу менен бекитилсин.
14. Транспорттук чыгымдары кызмат автоунасынын чыгымдарына 166,8 миӊ сом, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде жана 72,0 миӊ сом менчик автоунаасын ѳкмѳттүн кызматы үчүн пайдалангандыгы үчүн компенсация катары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 17.09.2006-жылдагы №672 токтомунун негизинде бекитилсин.
15. 2018-жылга башкаруу бѳлүмүнүн чыгымдарнын суммасы 2870,4 миӊ сом, мүлктү учурдагы ондоого 80,0 миӊ сом,чарбалык буюмдарды алуу чыгымдарына 210,0 миӊ сом, машиналарды жана жабдууларды алуучыгымдары 462,2 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
16. 2018-жылга Турак жай жана комуналдык бѳлүмүнүн чыгымдарына 10203,1 миӊ сомѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
17. 2018-жылга китепкана бѳлүмүнүн чыгымдары 366,1 миӊ сом маданият бѳлүмүнүн чыгымдары 288,9 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
18. 2018-жылга билим берүү бѳлүмүнүн чыгымдары ар түрдүү чыгымдарга 289,0 миӊ сом, тамак аш статьясына 2227,5 миӊ сом, мүлктѳрдү учурдагы оӊдоо статьясына 122,0 миӊ сом, материалдарды сатып алууга 115,0 миӊ сом, кѳмүр сатып алууга 649,5 миӊ сом, эл.энергиясына тѳлѳмдѳр 1483,0 миӊ сом, имараттар жана курулмалар статьясына 2066,0 миӊ сом, машиналар жана жабдуулар статьясына 50,0 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
19. Элге комиссиянын чечими менен социалдык жардам бѳлүмүнѳ 895,0 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
20. Атайын каражаттардын чыгымдары балдар бакчасына тамак аш үчүн ата-энелерден түшкѳн акча каражаты 3690,0 миӊ сом, аппарат бѳлүмүнѳ 240,0 миӊ сом бекитилсин.
21. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү салыктарды жана ижара акыларды ѳз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир айылдын айыл башчыларына жана салык кызматчыларына жеке милдеттендирилсин.
22. 2018-жылдын чыгаша бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн бюджеттин чыгымдарын аткаруу 03-апрель 2015-жылдын №72 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳттүн башчысы Ш.Шералиевке милдеттендирилсин.
23. Айыл өкмөтү боюнча жүгүртүүдѳгү кассалык накталай акча каражаты Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык 01.01.2019-жылга карата 40,0 миӊ сом суммасында белгиленсин.
24. Айыл ѳкмѳтүндѳ 2018-жылда бюджеттин чыгымдарына ѳзгѳртүү киргизү Бюджеттик Кодекстин негизинде бюджет-финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен сессияга сунушталсын.
25. 2018-жылда пландык кѳрсѳткүчтѳрдѳн ашыкча жыйналган каражаттар Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык айылдык кеӊештин сессиясынын чечими мене пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Шералиевке милдеттендирилсин.
26. Айыл ѳкмѳттүн тармактарын иш план боюнча бѳлүнгѳн каражаттардын МСА эл.порталынан үнѳмдѳлгѳн кѳлѳмү айылдык кеӊештин чечими негизинде башка тармактардын чечилбей калган муктаждыктарына жумшоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жана ФЭБ нун башчысына милдеттендирилсин.
27. Айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы эпизотикалык абалды ѳз деӊгеелинде кармоо үчүн вакцинацияиштерине, массалык жугуштуу ооруулардын алдын алууга, ѳз убагында чара кѳрүүгѳ кутурма оорууларга ит мышыктарды атууга 100,0 миӊ сом акча каражаты каралсын.
28. Чечимдин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Шералиевке жүктѳлсүн.
Төрага | А. Калмурзаев |