Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралындагы №2
Ж.Узаков орто мектебине жер аянтын бекитип берүү жѳнүндѳ
С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Мундуз» айылындагы Ж.Узаков орто мектебинин 28.04.2003-жылдагы №90 буйругунун негизинде катталган 5896.45м кв ордуна 8550,0м кв Жер аянтын бекитип берүү жѳнүндѳ Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармасы тарабынан 25.01.2018-жылдагы №08 корутундусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги 8550 м2 жер аянты Ж.Узаков орто мектебине мѳѳнѳтсүз пайдаланууга берилсин.
2. Ушул токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Шералиевге жүктѳлcүн.
Төрага | А. Калмурзаев |