Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-февралындагы №4
“2017-2021-ж.ж айыл өкмөтүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун ПСИ-3 –этабынын талаптарына ылайык, даярдалуучу долбоору боюнча жумушчу топтун төрайымы К.Амираеванын билдирүүсүн жактырып, 2017-2021-ж.ж. Курманбек айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү программасын кабыл алуу үчүн төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл аймагынын 2017-2021-ж.ж. өнүгүү стратегиялык планы бекитилсин.
2. Стратегиялык планды аткаруу жагы Курманбек айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айылдык кеңешке жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы
Курманбек айылдык кеңешинин № III
СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ МЕНЕН БЕКИТИЛГЕН
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы
_______________________ Ч.Тайгараев
01-февраль 2017-жыл
2017 - жылдан тартып 2021- жылга чейинки мезгилде
айылдык аймакты өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы
Курманбек айылдык аймагы
Сузак району
Жалал-Абад облусу
Ушул документ айыл аймактын СИПРМТ иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу тарабынан айылдык кеңештин депутаттары, жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери менен биргелешип, КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) кызматкерлеринин потенциалды көтөрүү менен консультациялык колдоосу алдында даярдалган
Курманбек айылдык аймагы 2017-ж.
1. өНYГYYНYН КөРYНYШY
1.1. Киришүү
Жакшы жашоого жетишүү, жакшы натыйжаларга жетишүү – бул туура пландаштыруудан көз каранды. Ошондуктан бул түзүлгөн Стратегиялык план элдин турмуш шартын, жашоо деңгээлин жана руханий баалулуктарын жакшыртуу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу максатын көздөйт.
Курманбек айылдык аймагынын өнүгүү стратегиялык программасы коммерциялык эмес уюмдардын жана коомчулуктардын жашоо турмушун жакшыртуу боюнча топтолгон тажрыйбаларына таянып түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгылды.
Бул планда айыл аймактын айылдарындагы элдик жыйындарда кеңири, байма-бай талкууланып, көйгөйлөр тандалып алынгандан кийин жалпылаштырылды.
Бул өнүгүү багыттарында Курманбек айылдык аймагынын жергиликтүү тургундар өздөрү натыйжалуу иштей ала тургандыгын тастыкташып, көбүрөөк каражат таап, жашоо шартын жогорулатууга шарттарды камсыз кылуу максатын коюшууда.
Курманбек айылдык аймагынын өнүгүү стратегиялык инвестициялык планы айылдык аймактын өнүгүүсүнүн багыты болуп эсептелет, ага жетүүнүн жолдору айылдарда түзүлүп сурамжыланган фокус топтор тарабынан аныкталган көйгөйлүү маселелерди чечүү багытында бир канча иш-чараларды аткаруу аркылуу аныкталды. Баардык аныкталган көйгөйлөр айылдарда өткөрүлгөн жыйындарда, элдик чогулуштарда, айыл аймактын деңгээлинде өткөрүлгөн коомдук угууда талкууланып жана тастыкталып, айылдык Кенештин сессиясында бекитилди.
1.2. Курманбек айыл аймагынын жакынкы келечектеги Көрүнүшү
Курманбек айыл аймагы келечекте – социалдык-коммуналдык инфраструктурасы оңдолгон, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүгө багыт алган, билимдуу, ден-соолугу чың жана сергек жашоого, патриоттуулукка тарбияланып өлкөбүздун экономикасынын өсүп өнүгүүсүнө салымын кошкон жаштары бар, айыл жериндеги өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө активдүү катышкан жашоочулар көп болуп, көчөлөрү жарык, жолдору асфальттанган, Жалал-Абад – Балыкчы жолунун жээгинде жайгашып, экономикасы өнүккөн, таза суулары, кооз жерлери, таза абасы, токойлору, эгин талаасы, бийик тоолору, менен көргөн элди суктандырган, чакан жана орто бизнеси өнүккөн, эли байгерчиликте жашаган айыл аймагы болот
1.3. АЙЫЛДЫК АЙМАК жөнΥндө жалПЫ МААЛЫМАТ
1.3.1. Г Е О Г Р А Ф И Я Л Ы К А Б А Л Ы.
Айылдык аймактын түндүк чыгыштан Тогуз-Торо району, түндүктүн Кара-Алма айылдык аймак, түштүк батыштан Көк-Арт айылдык аймак, түштүк чыгыштан Өзгөн району менен чектешет.
Облустун борборунан 46 чакрым алыстыкта жайгашкан.
Райондун борборунан 55 чакрым алыстыкта жайгашкан райондун эң алыскы айылдык аймагы болуп эсептелет.
Жалпы аянты- 231 чарчы км.
Жергиликтүү кенештин тутуму 21 депутат
Калктын саны- 12 667 адам. эркектер-6403 аялдар-6264. Кожолук -2653 түтүн
Курманбек айыл өкмөтү 8 айылды ичине камтыйт.
Алар: Кара-Чолок айылында -2174 адам, 480 кожолук
Таран-Базар айылында – 3145 адам, 699 кожолук,
Жоон-Күнгөй айылында – 3027 адам, 629 кожолук
Калмак-Кырчын айылында- 1613 адам, 314 кожолук
Сары-Булак айылында - 302 адам, 52 кожолук
Канжыга айылында -729 адам, 133 кожолук
Саты айылында – 1677 адам, 346 кожолук камтылган.
1.3.2. Социалдык – демографиялык маалымдамалар:
|
| Бардыгы (саны) |
| Жынысы: |
|
1 | Эркектер | 6317 |
2 | Аялдар | 6350 |
| Курагы |
|
3 | 0 -7 жаш | 1575 |
4 | 8 -16 жаш | 2073 |
5 | 17 – 65 жаш | 8419 |
6 | 65 жаш жана андан жогору | 600 |
1.3.3. Жакырчылыктын денгээли (Yй-бYлөөлөрдYн саны)
| Yй-бYлөөлөрдYн жан башына алынган орточо кирешесинин денгээли (бир айда) | Бардыгы (саны) |
1 | 705 сомго чейин | 625 |
2 | 706-1465 сом | 55 |
3 | 1465,71 -2485,40 сом | 50 |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 730 |
1.3.4. Окуучулардын саны – 2360 Мектепке чейин билим алуучу балдардын саны - 0
1.3.5. Медициналык мекемелерге кайрылган оорулуулардын саны – 770
1.4. Курманбек айылдык аймагынын 2017-2021-жылдарга өнүгүү багыттары.
№1 Өнүктүрүү багыты.
1.4.1 Инфраструктураны жакшыртуу менен жарандарга жакшы шарт түзүү
Колдо бар инфраструктура боюнча маалымат: Айыл аймакта 4 орто, 2 негизги, 2 башталгыч, жалпысы 8 мектеп бар. 2015-2016 окуу жылында 173 мугалим эмгектенсе, анын ичинен 122 мугалм жогорку билимдүү, 9 мугалим бүтпөгөн жогорку 42 мугалим атайын орто билимдери менен 2354 окуучуга билим, тарбия беришүүдө.Ал эми жаш мугалимдердин саны- 32. 1 ҮДТ, 5 ФАП, 1 ДЭУ ишканалары элге кызмат көрсөтүп жатышат. Кара-Чолок айылындагы ҮДТ да 8 медициналык кызматкер , 1 врач, 5 ФАП та 7 медициналык кызматкерлер эмгектенишүүдө, элге медицина тармагы өз убагында ар кандай жугуштуу оорунун түрлөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен эмдөөлөрдү жасап келүүдө. Атап айтсак айылдык ден-соолук Комитеттери жана УДТ, ФАП, ветеринардык кызматкерлердин катышуусунда Эхнококоз оорусунан кантип сактануу жана анын алдын алуу боюнча элге семинар откорулду. Элдин ден-соолугуна кам коруудо эмдоолор оз убагында планга ылайык жургузулуп турат.
Багыттын максаттары жана иш-чаралары: Курманбек айыл аймагында футбол жаатында жаштарга түзүлгөн шарттын жоктугу спортко шыгы бар, келечекте көптү үмүттөндүргөн жаштарыбызга кедергисин тийгизүүдө. Андан сырткары замандын талабына ылайык азыркы учурда кичи футболдук аянтчаларда, спорт оюндары кайсыл жерде болбосун ойнолуп, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Эгерде биздин өспүрүм жаштарыбыз өз маалында топ ойноп, чеберчилигин артырган болсо, өз жамаатында кадыр баркка ээ болот.
Айыл аймактын дагы бир маанилүү муктаждыктарынын бири мектепке чейинки билим берүү тармагынын бүгүнкү күнгө чейин болбогондугу. Бул көйгөйдөн тургундардын көпчүлүк бөлүгү кыйынчылык тартып келишүүдө. Бирок, 2015-жылы Жоон-Күнгөй айылына “Түрткү Берүүчү Гранттан” колдоого алынып, бала бакчанын курулушу бүтүп, ишке киргизүү аракеттери жүрүүдө. Мындан ары дагы бала бакчалардын курулушу көбөйсө, биздин жарандарга жакшы саамалык жаратат.
ФАПтын имаратынын абалдары Калмак-Кырчын, Жоон-Күнгөй жана Саты айылында начар.
Сары-Булак айылынын негизги көчөсүнүн жарымында, Жоон-Күнгөй, Саты жана Калмак-Кырчын айылдарынын ички көчөлөрүнүн шагылы жоктугунан тургундар жана фермер, дыйкандар жол азабын чегип келишүүдө.
Жаңы конуштарга жана эскилиги жеткен электр мамыларын жана чубалгыларын талапка жооп бере турган кылып куруу жана алмаштыруу бул да актуалдуу маселе. Тактап айтканда, Канжыга, Жоон-Күнгой, Калмак-Кырчын, Кара-Чолок айылдарында электр чубалгылары чоюлуп, жерге жакындап коопту абалды жаратууда.
Таза суу системаларын куруу жана жанылоо боюнча жараандар өздөрүнүн салымдарын кошуп, уюштуруу иштерин активдүү жүргүзүшүүдө. Себеби, Суу -- өмүрдүн булагы.
Көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруусун камсыз кылуу менен Жалал-Абад-Балыкчы алтернативдүүжолунун боюнда жайгашкан жарандардын коопсуздугун колго алуу негизги биргелешип аткаруучу иш чаралардын бири болуп эсептелет.
Жогорудагы инфратүзүмдүк иш чаралардын жакшыртуу менен айылдык аймактын жана коноктордун бейпил жашоосуна кам көрүү бул биздин негизги максатыбыз.
Кыйынчылыктар (проблемалар) жана алардын себептери
Курманбек айылдык аймагында жайгашкан айылдар райондун жана облустун борборунан алыс болуп, социалдык, экономикалык жана коммуналдык инфратүзүмдөрдүн жетишсиздигинен жана жоктугунан айылдык аймакта жашаган жарандарыбыз, райондун жана облустун борборуна барып, тийиштүү жумуштарын бүтөрүп келишет жана чыгым тартышат.
Бул кыйынчылыкты чечүү үчүн айыл өкмөт өзүн өзү каржылай албайт жана бюджетинин жетишсиздиги 65% түзүп, дотацияда тургандыгы да сепептердин бири. Андан сырткары Донордук уюмдардын көпчүлүгү райондун борборунан алыс жайгашкан айылдык аймактарды өздөрүнүн каржылоосуна киргизишпейт. Себеби, аралыктын алыстыгы жана жолдун катаалдыгынан.
Проблемаларды чечүүнүн колдо болгон зарыл ички жана тышкы ресурстары
Ички мүмкүнчүлүктөр |
Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
|
1. Мамлекеттик программалардын болушу 2. Жалал-Абад – Балыкчы альтернативдик жолунун курулуп жатышы 3. донордук уюмдар менен иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү. 4. демоорчу жана жеке ишкерлердин колдоо корсотуусу. 5. жааматтын оздук нак салымы. 6. тышкы миграциянын азайышы.
|
Иш чаралар же долбоорлор
№
|
Иш-чаралар же долбоорлор
|
Болжолдуу мооноттору
| Каржылоо булактары | ||||
Коомчулук | Айыл өкмөтү | Жерги-ликтуу уюмдар | Донор | Башка-лар | |||
1 | ФАПтын имаратын куруу | 2017-ж. | 100 000 | 300 000 | - | 2 000 000 | - |
2 | Мектептерди куруу | 2017-2018-ж. | 200 000 | 800 000 | - | 44 000 000 | - |
3 | Таза суу системаларын куруу жана оңдоо | 2017-2020- ж.ж. | 300 000 | 200 000 | 1000 000 | - | - |
4 | Ички жолдорду шагылдоо жана асфальттоо | 2017-2019- ж.ж. | - | 1000 000 | - | - | 4000 000 |
5 | Мектептерди куруу жана ондоп түзөө. 3 мектеп
| 2018–2020- ж.ж. | 61 000 000 | 2000 000 | 5000 000 | 40 000 000 | 14000 000 |
6 | Бала бакча куруу | 2017-2019-ж. | - | 500 000 | 1000 000 | 20000 000 | 20000000 |
7 | Маданий имараттарды куруу | 2018-2020-ж. | 400 000 | 400 000 | - | - | 15000000 |
8 | Спорт сарайларды жана аянттарды куруу | 2019-ж. | - | 360 000 | - | 3 140 000 | - |
9 | Электр мамыларын жана чубалгыларын алмаштыруу жана орнотуп тартуу
| 2017-2018- ж.ж. | 1 800 000 | 1 500 000 | - | - | 3 300 000 |
10 | Китепканаларды куруу жана ондоо
| 2019-2020-ж. | 300 000 | 200 000 | - | - | 8000 000 |
11 | Таштанды таштоочу контейнерлерди орнотуу
| 2017-2021- ж.ж.. | 100 000 | 300 000 | - | - | 400 000 |
12 | Түнкү жарыктарды орнотуу
| 2018-2021- ж.ж. | 200 000 | 300 000 | - | - | 700 000 |
Күтүлүүчү жыйынтыктар:
1. Курманбек айыл аймагынын инфратүзүмдөрү 80% жакшырат;
2. Калктын жашоо шарттары оңолот;
3. Жумушчу орундары менен жашоочулар камсыз болот;
4. Курманбек айылдык аймагы тарабынан тиешелүү коммуналдык чыгымдар төлөнүп берилет;
5. Айылдар арасында жогорку денгээлдеги мелдештер өткөрүлүп, жаштардын биримдиги жана ынтымагы бекемделет;
6. Элдин ишеничи артат;
7. Миграция азайат.
Курманбек айыл аймагынын келечектеги 2021-жылдагы инфратүзүмдүн жакшырып өнүгүүсүнүн сүрөттөлүшү:
МОНИТОРИНГ ЖАНА БАА БЕРYY ПЛАНЫ
№ | Негизги иш-чараларды жана долборлордун багыттары | Жооптуу адамдар | Мониторинг жүргүзүүнүн убактысы жана ыкмалары | Баа берүүнүн убактысы жана ыкмалары | Отчеттордун формалары жана мөөнөттөрү |
1 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлөт |
АО башчысы |
|
|
АОнун буйругу менен
|
2 |
Курулуштарга жана оңдоп түзөө иштерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү |
БМжБТ, ИТН, Донор, АК, АО, жамаат
|
Курулуш башталгандан тартып аягына чейин. Байкоо, жеринде көрүү
|
Башталышында, ортосунда, аягында жумуштун жүрүшүнө жараша баалоо |
Акт, 100%, 50% актылары ММК, коомдук угуулар |
3 | Биргелешкен мониторинг жана баалоонун отчетуулугу |
БМжБТ, ИТН, Донор, АК, АО, жамаат
|
Курулуш же оңдоп түзөө аяктагандан кийин 1айлык мөөнөттө
|
Отчет даярдоо |
коомдук жыйындарда, ММК, |
SWOТ – Жагдайга талдоо жүргүзүү
Күчтүү жактары | Начар жактары |
|
|
Мүмкүнчүлүктөрү | Коркунучтар |
|
|
№2 Өнүктүрүү багыты.
1.4.2. Айыл чарбасын жакшыртуу
Колдо бар айыл чарба аянттары боюнча маалымат: Курманбек айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 23 669 га анын ичинен 12 621 га жерин жайыт ээлейт, 3 936 га кайракы айдоо, 1 697 га чөп орок, 778 га там арка жерин түзөт. Айыл өкмөтүнүн калкынын 58% мал чарбачылыгы менен 32% талаачылык ал эми 10% ы ар кандай тармактарда иштешет.
Багыттын максаттары жана иш чаралары: Курманбек айыл аймагында жайланышкан айылдарда мал, кой чарбасын өнүктүрүү үчүн тоют жана жем даярдоочу цехтерди, дарылоо пункттарын куруу, фермерлерге сүт-эт багытындагы уйларды, эт жана жүн багытындагы койлорду, тыбыттуу эчкилерди багууга үйрөтүп-окутуу, демонстрацияларды уюштуруу менен сандык мезгилден сапаттык мезгилге карай умтулуу убактысы келип жетти. Жасалма уруктандыруу пунктары менен камсыздоо жана жогорку билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар менен биргелешип иш алып баруу. Коомчулуктун мал чарбачылыкты өнүктүрүүгө тажрыйбасы жогору экендигин турмуш көрсөтүүдө. Малдын арасында жугуштуу оорулар көбөйүп баратканына байланыштуу айылдарда ветеринардык пункттарды ачуу керектиги замандын талабы болуп турат. Эт, сүт, жүн жана терилерди кайрадан иштетүүгө көмөк көрсөтүүчү цехтерди ачып, иштетип андан өндүрүлгөн продукцияларды сатып алуучу кардарларды табуу, базар экономикасын өздөштүрүү жана дүйнөлүк стандартка жоопберүүчү сапатка жеткирүү менен айыл чарбасынан өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо дагы ушул өнүгүү планынын бирден бир максаты.
- Сугат суу системаларын 90 % куруу;
-техникаларды лизингке берүү;
- жайыттарды пайдалануу пландарын түзүү жана аткаруу;
- ветеринария тармагын жакшыртуу;
- Асыл тукумдуу малдарды багуу;
- жогорку түшүм алуу үчүн сапаттуу уруктарды колдонуу;
- багбанчылыктын сапатын жогорулатуу
Кыйынчылыктар (проблемалар) жана алардын себептери
Курманбек айыл округунун аймагында мал чарбасынын асылдуулугунун жогорулатууда чон койгойлор бар. Сүт пародасындагы уйлардын жоктугу, асыл тукум эт-жүн багытындагы койлордун пародасынын жоктугу, сүт багытындагы эчкилердин жоктугу менен фермерлер аларды кайсыл жактан алышын билбестиги, билсе да акча каражатынын тартыштыгы. Малдарды дарылоодо дары-дармектердин сапаттуулугунун начарлыгы өз таасирин тийгизүүдө.
Айыл аймакта эгин талаалар сугат суу менен камсыз болгон эмес. Тактап айтканда кайракы эгин талаалары бар. Мамалекет карабынан “Курманбек” каналы башталып, дыйкандардын жүздөрүнө жылмайуу тартуулады дагы, курулушу толук бүтпөй токтоп калды. Эми ушул каналдын курулушун Мамлекеттик деңгээлде кароо жана аткаруу зарылдыгы турат. Себеби, биздин айыл аймактан сырткары Көк-Арт, Багыш, Ленин айыл аймактарынын эгин талааларына дагы сугат суу муктаждыктары чечилмек.
Проблемаларды чечүү үчүн колдо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
· Жарандардын мал өстүрүүгө кызыгуусунун жогорулугу. · Мал чарбасында жаңы жетишкендик-тер менен иштөөгө жаштардын кызыгуусу · Мал чарбачылык боюнча элдин тажрыйбасынын жетиштүүлүгү · Мал чарбасы боюнча адистердин болушу · жайыттардын жетиштуулугу |
|
Иш-чаралар же долбоорлор
№ | Иш-чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мөөнөттөр | Кажылоо булактары | ||||
|
|
| Коомчулук | Айыл өкмөт | Жергиликтүү уюмдар | Донор | Башкалар |
1 | Жайыттарды пайдалануу пландарын түзүү жана аткаруу | 2017-2020-ж.ж. | 1000000 | 500 000 | 1000000 | 15000000 | 5000000 |
2 | Ветеринария тармагын жакшыртуу | 2017-2021-ж.ж. | 500000 | 500000 | 500000 | 800000 | 300000 |
3 | Атайын техника сатып алуу | 2017-ж. | 0 | 500 000 | 0 | 15000000 |
|
4 | Мал суу ичүүчү жайларды куруу | 2017-2019-ж.ж. | 400 000 | 800 000 | 200 000 | 1 400 000 |
|
5 | Жогорку түшүм алуу үчүн сапаттуу уруктарды колдонуу | 2017-2021-ж.ж. | 1000000 | 300000 | 400000 | - | - |
6 | Асыл тукумдуу малдарды багуу | 2017-2021-ж.ж. | 4000000 | - | - | - | - |
7 | Багбанчылыктын сапатын жогорулатуу | 2017-2021-ж.ж. | 2000000 | - | - | - | - |
8 | Сугат суу системаларын куруу | 2018-2020-ж.ж. | 500000 | 2000000 | - | - | 60000000 |
9 | Техникаларды лизингке берүү | 2017-2021-ж.ж. | 80000000 | - | - | - | - |
10 | ЖКХ уюштуруу | 2018-2019 ж.ж. | 14 000 000 | 1 000 000 | 2 000 000 | 11 000 000 |
|
Күтүлүүчү жыйынтыктар:
1. Жайыттардын абалы жана инфратүзүмү жакшырат;
2. Мал оорулары төмөндөп, ар дайым ветеринарлардын көзөмөлүндө болуп, фермерлер менен ветеринарлар ортосунда кызматташуу күчөйт;
3. Калкты жигердентүү жана жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө өбөлгө түзүүлөт;
4. Тамак-аш коопсуздугун камсыздалат;
5. Экспорттук даремет күчөйт;
6. Айыл-чарбасында иш өндүрүмдүүлүгүн артат;
7. Калктын жашоо деңгээли жогорулайт.
8. ЖКХ уюштурулат
Курманбек айыл аймагынын келечектеги 2021-жылы айыл чарбасы жакшырып, өнүгүүсүнүн сүрөттөлүшү:
МОНИТОРИНГ ЖАНА БАА БЕРYY ПЛАНЫ
№ | Негизги иш-чараларды жана долборлордун багыттары | Жооптуу адамдар | Мониторинг жүргүзүүнүн убактысы жана ыкмалары | Баа берүүнүн убактысы жана ыкмалары | Отчеттордун формалары жана мөөнөттөрү |
1 | Кызыккан фермерлерди окутуу | АО, жамаат | Фермерлерди окууга, окуудан кийин тест турундо | Жеке турмушунда пайдаланышы учурунда | Окуулардан кийин катышуучулардын тизмеси |
2 | Алдынкы фермерлердин тажрыйбасын жайылтуу | АО, жамаат | Тажрыйбага чейин, кийин байкоо жургузуу аркылуу. | Тажрыйба алгандан кийин | Оз турмушунда колдонгондон кийин |
SWOT – Жагдайга талдоо жүргүзүү
Күчтүү жактары | Начар жактары |
· Жайыттардын жетиштуулугу · Элдин мал багууга кызыгуусу · Алдыга умтулган фермердин болушу · НПО менен иштеген тажрыйбалуу фермерлердин иштеп жаткандыгы · Маалыматтык-ресурстук борборлорду пайдаланышы · Кытай жол куруучулар компанияларынын 2017-жылга чейин айыл аймакта болуп иш алып баруусу
|
|
Мүмкүнчүлүктөрү | Коркунучтар |
· Экспорттоо · Жакшы жашоого жетишүү · Коомчулук эт, сут, май, дан эгиндери, мөмө жемиш менен камсыздалат
| · Жайыттардын деградацияга кабылышы · Мал, кой, эчки ж.б. эпизоотиялык ооруларга дуушар болушу · Базарлардын ар турдуу себептерден улам жабылышы
|
№3 Өнүктүрүү багыты.
1.4.3. Чакан жана орто бизнести Өнүктүрүү
Багыттын максаттары жана иш-чаралары: Курманбек айыл округунда чакан жана орто бизнести Өнүктүрүү менен айыл аймактын бюджетинин көлөмүн көбөйтүү. Бүгүнкү күндө жеке менчик секторун өнүктүрүүдө жарандардын акча каражатын табуу үчүн тренинг- семинарларды өткөрүү. Чакан цехтерди, жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүп берүү каралууда. Айыл чарба продукциялардын иштетүү үчүн, аларды консервациялоо, пакетке салып даярдоочу чакан цехтерди ,чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө Мамлекеттик колдоо кредиттерди алууга шарт түзүп жеке менчик секторду өнүктүрүүгө камкордук болууда.
Негизги аткарылуучу иш чаралар:
*Бизнес план түзүү боюнча потенциалды жогорулатуу иш чараларын жүргүзүү;
*Айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү ишканаларын уюштуруу;
*Экспортко чыгаруу;
*Мамлекеттик жана донордук каржылоолорду алууга ишкерлерге колдоо жүргүзүү
Кыйынчылыктар (проблемалар) жана алардын себептери
Бүгүнкү күндө жеке менчик секторун өнүктүрүүдө жарандардын акча каражаты жетишсиз. Чакан цехтерди, жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Айыл чарба продукцияларын иштетүү үчүн, консервациялоо, аларды пакетке салып даярдоочу чакан цехтер жок. Чакан жана орто бизнести онуктуруудо кредиттердин процентик ставкалары жогору. Май иштетуучу цехтердин продукциясынын сапаты начар. Пилорама, эшик, терезе, мебель жасоочу цехтер Курманбек айыл аймагында жокко эсе. Курулуш материалдарына жарандардын талаптары жогору. Элдин талаптарын аткаруу учун жеке менчик секторун онуктуруу себептери бар. Мамлекет тарабынын чакан жана орто бизнести онуктуруу учун жеке менчик секторго камкордук коруу зарылдыгы бар .
Багытка жетүүдөгү ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөр
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
- Айылдагы жарандардын жеке менчик секторун өнүктүрүүгү кызыгуусунун жогорулугу. - Соода жайларын ачуу жана кайра иштетүүчү цехтерди куруу үчүн жерлердин жетиштүүлүгү. - Жеке менчикти өнүктүрүүгө айыл өкмөтүнүн тиешелүү шарттарды түзүп берүү мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы - Майжубаз, тегирмен, соода жайлары үчүн сатып алынуучу жана өндүрүүчү продукциялардын арбындыгы. | - Даяр продукцияларды сатып откорууго шаар, базарлардын жакындыгы. - Жалал-Абад- Балыкчы жолунун түшүшү - Курманбек айыл окургунун айылдарынын туристтер күп келүүчү Курманбек баатырдын кумбөзү жолдун боюнда жайгашышы - Жеке ишкерлердин сырттан тажырыйба алмашуу үчүн шарттардын бардыгы. - Айылдагы өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди, эт-сүт продукцияларын сатып алуу үчүн чет жерден келген кардарлардын арбындыгы. |
Иш-чаралар же долбоорлор
№ | Иш-чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мөөнөттөрү | Катышуучулар | ||||
|
|
| Жеке ишкерлер | Айыл өкмөтү | Жергиликтуу уюмдар | Донор | Башкалар |
1 | Бизнес план түзүү боюнча потенциалды жогорулатуу иш чараларын жүргүзүү |
2017-2019 ж.ж. | 1000 000 | - | - | - | - |
2 | Жалал-Абад- Балыкчы авто жолунун жээгине пайда алып келүүчү ишканаларды уюштуруу (кафе, чайкана, базар ж.б.у.с) | 2018- 2020- ж.ж. | 15 000 000 | - | - | - | 5 000 000 |
3 | Айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү ишканаларын уюштуруу | 2017-2020 ж.ж. | 14 700 000 | - | - | - | 3 000 000 |
4 | Экспортко чыгаруу | 2018-2021 ж.ж. | 2 000 000 | - | - | - | - |
5 | Мамлекеттик жана донордук каржылоолорду алууга ишкерлерге колдоо жүргүзүү | 2017-2021 ж.ж. | 200 000 | 500 000 | 500 000 | 4 000 000 | 500 000 |
Күтүлүүчү жыйынтыктар:
1. Бизнес план түзүү боюнча потенциалдуу ишкерлердин тобу пайда болот;
2. Жалал-Абад- Балыкчы альтернативдик жолунун жээгине пайда алып келүүчү ишканалар курулат жана уюштурулат;
3. Айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү ишканалары уюштурулат;
4. Тамак-аш коопсуздугун камсыздалат;
5. Экспорттук даремет күчөйт;
6. Айыл-чарбасында иш өндүрүмдүүлүгүн артат;
7. Калктын жашоо деңгээли жогорулайт;
8. Айыл өкмөттүн бюджети жогорулап, дотациядан чыгат.
Курманбек айыл аймагынын келечектеги 2021-жылы чакан жана орто бизнес өнүгүүсүнүсүнү сүрөттөлүшү:
МОНИТОРИНГ ЖАНА БАА БЕРYY ПЛАНЫ
№ | Негизги иш-чараларды жана долборлордун багыттары | Жооптуу адамдар | Мониторинг жүргүзүүнүн убактысы жана ыкмалары | Баа берүүнүн убактысы жана ыкмалары | Отчеттордун формалары жана мөөнөттөрү |
1 | Айыл чарбасындагы эмес жерлерди тактоо | АО, АК, Госрегистр, архитектура | Ар бир долбоор даярдалганда, байкоо, аткарууга катышуу | Долбоорлор ишке ашкандан кийин, баалоо, байкоо жургузуу | жыйындардаАО отчет берет |
2 | Айыл чарба продукцияларын кайра иштетуучу цехтерди ачуу | АО, жамаат, ишкерлер | Ар бир долбоор даярдалганда, байкоо, аткарууга катышуу | Долбоорлор ишке ашкандан кийин канчалык денгээлде максатына жетти | АО жыйындарда отчет берет |
3 | Тастыктоо (Сертификация) – товардын сапаттык мүнөздөмөлөрү сапаттык стандарттарга туура келүүсүн аныктоо | АО, жамаат, ишкерлер, атайын адистер | Экспортко жогрку |
|
|
SWOT – Жагдайга талдоо жүргүзүү
Күчтүү жактары | Начар жактары |
ü Стратегиялык пландаштыруунун тажрыйбасынын болушу ü Райондук борборго жакын жайгашышы ü Калктын экономикалык жактан активдуулугу ü Муниципалитте ТОСтордун, коомдук уюмдардын болушу ü Маалыматтык-ресурстук борбордун болушу
|
ü Эмгек акынын томондугу ü Кучтуу кадрлардын кетип калышы ü КТПлардын жетишсиздиги ü Ички жолдордун начарлашы
|
Мүмкүнчүлүктөрү | Коркунучтар |
ü Билимдуу кадрлардын болушу ü Жалал-Абад- Балыкчы авто жолунун отушу ü Элдин жашоо шартынын жогорулашы
|
ü Жумушчу кучтордун миграцияланышы ü Саясий стабилдуулук |
№4 Өнүктүрүү багыты
1.4.4 Туризмди өнүктүрүү
Багыттын максаттары жана иш-чаралары: Курманбек айыл аймагында туризмди өнүктүрүүгө ылайыктуу төрт чон жай бар. Алар – 1. «Курманбек» баатырдын күмбөзү.
2. Кооз жайлоолор
3. «Саймалуу Таш» мамлекеттик паркы
4. Кышкы көңүл ачуу жайын уюштуруу
Негизги аткарылуучу иш чаралар:Жогорудагы жайларды туура пайдалануу үчүн төмөндөгүдөй иш чараларды аткаруу керек: - «Курманбек» баатырдын күмбөзүн тарыхый этнографиялык борборго айландыруу;
-Жаз, жай мезгилинде кооз жайлоолорго боз үйдү улуттук мааниде жасалгалап, кымыз жана бээнин сүтүн туристерге тартуулоо;
- «Саймалуу Таш» тарыхый мамлекеттик паркына маршрут ачуу;
- Кышкы көңүл ачуу жайларын куруп, эс алуучуларга кызмат көрсөтүү
Курманбек Баатырдын күмбөзү
Көпчүлүк изилдөөчүлөр кыргыз эпосторунда тарыхый адамдар сүрөттөлөт деп белгилешет. Ал эми “Эр Солтоной”, “Эр Эшим”, “Курманбек” сыяктуу эпикалык чыгармалардын окуялары кыргыздар Калмак-Жуңгар баскынчыларына баш көтөрө баштаган тарыхый мезгилге таандык.
Эпос – бул, угуучулардын аң-сезимине таасир этип, байыркы бабалардын эрдигин эске салып, келечек муундарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн айтылат. Экинчиден, эпостон биз тарыхыбызды, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды камтыган өзүнчө эле чоң энциклопедия. «Курманбек» –Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында «калмак доору» аталып, XVI-XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга, Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип түзүлгөн эпикалык чыгарма. [Чыгыш Түркстан]], (Кашкар, Жаркент, Каржар,Камбыл) Ооганстан, Анжиян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) аймактары чыгарманын тарыхый негизин, Курманбектин тарыхый адам экендигин, жашаган мезгилин, отурукташкан ордун, кошуна хандыктар менен түзгөн дипломатиялык байланышын, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштарды тарыхый фактылар менен аныктайт. XVI кылымда Тянь-Шаньдан могол төбөлдөрүн сүрүп чыккандан кийин кыргыз уруулары Кашкар менен түздөн-түз байланышып турган. XVII кылымдын башында калмактардын кысымынын күчөшүнөн улам кыргыз уруулары Кашкар, Турпан, Ак-Суу шаарларынан көчүп келип, отурукташа башташат. Айрыкча XVII кылымда Кашкар жана Жаркент хандыктарынын аймагында кушчу, чоңбагыш, кыпчак, нойгут, тейит, булгаачы, отузуул ж. б. кыргыз уруулары мамлекеттин саясий турмушуна активдүү аралашып, тарыхый окуяларга өз таасирин тийгизип тургандыгы Шах Махмуд Горостун хроникасында, Мир Халь Ад-диндин «Хидаят» таалиминде ж. б. эмгектерде айтылат. «Курманбек» – XVI-XVII кылымдардын аралыгында жашап өткөн тарыхый инсан. Ал өз элинин эркиндиги үчүн калмак төбөлдөрү менен күрөшкөн. Элдик баатырдын эл үчүн өлүмдөн да жалтанбастыгы азыркы муундарды эр жүрөктүүлүккө, эл-жерин сүйүүгө тарбиялайт. «Курманбек» эпосу– көп варианттуу, ички кудурети, идеясы, сюжеттик өзгөчөлүгү менен айырмаланган чыгармалардын бири. Анын арианттары биринен бири айырмаланып, окшошпой калганы менен, ички биримдик бар. Бул айтуучунун жөндөм-шыгына, сөзмөрлүгүнө жараша. «Курманбек» эпосунун варианттарына токтолсок, манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун вариантынан 1923-жылы фольклорчу Каюм Мифтаков 2500 сап ыр жазып алган. Кыргыз эл акыны, маркум Аалы Токомбаевдин жөө жомогу 1924-жылы «Шолпан» аттуу казак адабий журналына басылып чыккан. Андан кийин 1933-жылы акын Калык Акиевдин вариантынан 5500 сап ыр жазылып алынган. 1956-жылы Тажикстандын Жергетал районунун тургуну Т. Календаровдон эпостун 360 сабы жазылып алынган. Мындан сырткары, акын Сарыкунан Дыйканбаевдин, Көгарттык Ади Өмүралиевдин бир нече саптары, Аксылык акын, фольклорист Асанбай Жусупбековдун 19535 сап ыр жолунан турган чыгармасы бар. II дүйнөлүк согуштун тушунда белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшев ошол кездин шартына ылайыкташтырып, эпосту драмалаштырып, сахнага алып чыккан. 2001-жылы белгиленген Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде Ооганбек Стамбеков эч кандай коомдук түзүлүшкө ылайыктабай, өз нускасы менен «Курманбек батыр» тарыхый драмасын жазып, бул чыгарма сахнада коюлду. Эпосто баарынан улуу достук, тилектештик, баатырдык чагылдырылган.
__________________________________________________________________________
“Саймалы-Таш” байыркы сүрөттөр комплекси эң байыркы кыргызстандыктардын жашоо-тиричилигин, дүйнөгө, өмүргө, адамга, табиятка, коомго болгон түшүнүктөрүн чагылдырат. Байыркы кыргызстандыктардын ишиенимдерин туюндурат”,-деп түшүндүрүшөт. Анткен менен бул бүтүмдөргө коошпогон да жагдайлары бар экен. Алар адамдардын колу менен тартылган дегенге ыктайт. Бирок, талаша турган жагы да бар. Анткени, сүрөттөр бир гана пародадагы таштарга тартылган. Айрым окумуштуулар: “Саймалы-Таш петроглифтер комплекси тарыхый чоң доорлор ичинде, кеминде 3 000 – 4 000 жыл аралыгында байыркы кыргызстандыктар ыйык жер катары колдонушкан, көзү өткөн адамдарын теңирге, кудайга узатышкан, алардын арбагына арнап, өз доорунун ишенимдерин сүрөт кылып таш бетине чегишкен.”,-дешет. Андай болсо, сүрөттөрдү кандай боеп кое алышкан деген суроо туулат. Петроглифтердин үстү боёлуп койгондой. Андан да кызыгы – чегип тарткандардын арасында, атайын аралашманы таштын бетине жабыштырып тартылган да петроглифттер бар. Ал жерде башка пародадагы таштар да бар, негедир аларда сүрөт жок. Абдан катуу таштар петроглифтери бар жумшак таштар менен аралаш эле жатат. Демек, сүрөттөр кандайдыр бир күч тарабынан түшүрүлгөндөй элес калтырылган.
Анан дагы Саймалы-Таштын географиялык жайгашкан жери деңиз деңгээлинен 3300 метрди түзүп, адам барууга эң ыңгайлуу убакыт – август айы болот
Кыйынчылыктар (проблемалар) жана алардын себептери
Мамлекеттик деңгээлде каржылоо боюнча иш чаралар аткарылбай келет.
Багытка жетүүдөгү ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөр
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
-«Курманбек» баатырдын күмбөзүнүн бардыгы -«Саймалуу Таш» мамлекеттик паркына барууга жолдун бир тарабы биз аркылуу болуусу -Кооз жайлоолор жана туризмди жакшыртууну каалагандардын санынын жогорулугу -Кышкы көңүл ачуу жайын уюштурууга адырлуу жана жаңгык токойлуу жайлардын бардыгы -Күчтүү жергиликтүү орган системасы -Ички ресурстардын кенендиги - Курманбек айыл окургунун айылдарынын туристтер күп келүүчү Курманбек баатырдын кумбөзү альтернативдүү жолдун боюнда 15-30 метр жайгашышы - Жарандардын адептүүлүгү | - Мамлекеттик деңгээлдеги объектилердин бардыгы - Жалал-Абад- Балыкчы альтернативдүү жолунун түшүшү - Курманбек айылдык аймагына туристтердин көп келүүсү - Жеке ишкерлердин сырттан туризм боюнча тажырыйба алмашуу үчүн шарттардын бардыгы. - Донорлордун бардыгы - Соц тармактардын жеткиликүүлүгү. - Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын колдоосу. - Сырттан тажырыйба алуу |
Иш-чаралар же долбоорлор
№ | Иш-чаралар же долбоорлор | Болжолдуу мөөнөттөрү | Катышуучулар | ||||
|
|
| Жеке ишкерлер | Айыл өкмөтү | Мамлекет тик каржылоо | Донор | Башкалар |
1 | Бизнес план түзүү боюнча потенциалды жогорулатуу иш чараларын жүргүзүү |
2017-2018 ж.ж. | 1000 000 | - | - | - | - |
2 | «Курманбек» баатырдын күмбөзүн тарыхый этнографиялык борборго айландыруу | 2017- 2019- ж.ж. | - | - | 10 000 000 | - | 5 000 000 |
3 | «Саймалуу Таш» тарыхый мамлекеттик паркына маршрут ачуу | 2017-2020 ж.ж. | - | - | 4 000 000 | - | 3 000 000 |
4 | Кышкы көңүл ачуу жайларын куруп, эс алуучуларга кызмат көрсөтүү | 2018-2021 ж.ж. | 2 000 000 | 500 000 | - | - | 10 000 000 |
5 | Жаз, жай мезгилинде кооз жайлоолорго боз үйдү улуттук мааниде жасалгалап, кымыз жана бээнин сүтүн туристерге тартуулоо | 2018-2021 ж.ж. | 1000 000 | 500 000 | - | - | - |
Күтүлүүчү жыйынтыктар:
1. Бизнес план түзүү боюнча потенциалдуу ишкерлердин тобу пайда болот;
2. Жалал-Абад- Балыкчы альтернативдик жолунун жээгине пайда алып келүүчү ишканалар курулат жана уюштурулат;
3. Туристтик борборлор уюштурулат;
4. Тамак-аш коопсуздугун камсыздалат;
5. Туризм күчөйт;
6. Жарандарга жагымдуу көнүл ачуучу жайлар курулат;
7. Калктын жашоо деңгээли жогорулайт;
8. Айыл өкмөттүн бюджети жогорулап, дотациядан чыгат.
МОНИТОРИНГ ЖАНА БАА БЕРYY ПЛАНЫ
№ | Негизги иш-чараларды жана долборлордун багыттары | Жооптуу адамдар | Мониторинг жүргүзүүнүн убактысы жана ыкмалары | Баа берүүнүн убактысы жана ыкмалары | Отчеттордун формалары жана мөөнөттөрү |
1 | Мамлекеттик комиссияларды түзүү | КР өкмөтү, донорлор, АО, АК, жергиликтүү жамаат | Мамлекеттик деңгээлде мониторинг жүргүзүү | Долбоорлор реализация болуп жаткандан тартып ар дайым баалоо, байкоо жургузуу | Жогорку Кеңештин сессиясында, жыйындардаАО, отчет берүү |
2 | БМжБТун түзүү | БМжБТ | Тынымсыз көзөмөлдөө | Анализ жүргүзүү | 50%, 100% актылары |
SWOT – Жагдайга талдоо жүргүзүү
Күчтүү жактары | Начар жактары |
- «Курманбек» баатырдын күмбөзүнүн болушу. - Кооз жайлоолор бардыгы - «Саймалуу Таш» мамлекеттик паркы - Кышкы көңүл ачуу жайынын болушу уюштуруу - Калктын экономикалык жактан активдуулугу |
ü Эмгек акынын төмөндүгү ü Мамлекеттик колдоонун жоктугу ü КТПлардын жетишсиздиги ü Ички жолдордун начарлыгы
|
Мүмкүнчүлүктөрү | Коркунучтар |
ü Билимдуу кадрлардын болушу ü Жалал-Абад- Балыкчы альтернативдүү жолунун өтүшү ü Элдин жашоо шартынын жогорулашы
|
ü Жумушчу күчтөрдүн миграцияланышы ü Саясий стабилдүүлүк ü |
|
1. ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ПЛАН Киришүү. Курманбек айыл аймагындагы айылдарда өткөн чогулуштардын жыйынтыгында аныкталган жана тандалып алынган муктаждыктар Курманбек айыл аймагында түзүлгөн жумушчу топтун кеңешмесинин жыйынтыгы менен долбоорлор келип түшүп, Коомдук угууда толукталып Курманбек айылдык кеңештин сессиясында каралып тастыкталып эн көйгөйлүү деп табылып, 2017-2018- жылдардын инвестициялык планына киргизилди.
| |||||||||
2017-жылдын январынан тартып 2018- жылдын декабрына чейинки мезгилге кабыл алынган инвестициялык планы | |||||||||
№ | Долбоорлордун аталышы | Айылдардын аталышы | Мөөнөттөрү (башталышы жана аякташы)
| Жалпы бюджети (сом) | Финансылоо булактары (сом) | ||||
| ДОНОР | АО | коомчулук | Жерги-түү уюмдар | Эскертүү | ||||
1 | 2 | 3 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
1 | ФАПтын имаратын куруу | Калмак-Кырчын | 2017-ж | 2 400 000 | 2 000 000 | 400 000 | - | - |
|
2 | Атайын техника алуу | Курманбек АА | 2017-ж | 2 000 000 | 1 500 000 | 500 000 | - | - |
|
3 | Таза суу системаларын куруу жана оңдоо | Жоон-Күнгөй, Таран-Базар | 2017-2018- ж.ж. | 4 500 000 | 4 000 000 | 500 000 | - | - |
|
4 | Мектептин жаны имаратын куруу | Калмак-Кырчын | 2017-2018- ж.ж. | 45 000 000 | 44 000 000 | 800 000 | 200 000 |
|
|
5 | Ички жолдорду шагылдоо жана асфальттоо | Сары-Булак, Канжыга, Жоон-Күнгөй | 2017-2018- ж.ж. | 5 000 000 | - | 1 000 000 | - | 4 000 000 |
|
6 | Мал суу ичүүчү жайларды куруу | Жайлоолор | 2017-2018- ж.ж. | 2 800 000 | 1 400 000 | 800 000 | 400 000 | 200 000 |
|
7 |
Бала бакча куруу жана уюштуруу | Таран-Базар, Кара-Чолок, Саты | 2017-2018- ж.ж. | 41 500 000 | 21 000 000 | 500 000 | - | 20 000 000 |
|
Курманбек айыл өкмөт башчысы: _________________.
СИПРМТ иштеп чыгуу боюнча топтун жетекчиси: Дыйканбаев О.М.
|
2. КЕЛЕЧЕКТүү ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ПЛАН Киришүү. Курманбек айыл аймагындагы айылдарда өткөн чогулуштардын жыйынтыгында аныкталган жана тандалып алынган муктаждыктар Курманбек айыл аймагында түзүлгөн жумушчу топтун кеңешмесинин жыйынтыгы менен долбоорлор келип түшүп, Коомдук угууда толукталып Курманбек айылдык кеңештин сессиясында каралып тастыкталып эн көйгөйлүү деп табылып, 2017-2021- жылдары аткарылуучу келечектүү инвестициялык планына киргизилди. | ||||||||||
2017-жылдын январынан тартып 2021- жылдын декабрынан чейинки мезгилге кабыл алынган келечектүү инвестициялык планы | ||||||||||
№ | Микродолбоорлордун аталышы
| Айылдардын аталышы
| Мооноттору (ишке ашыруунун башталышы жана аякташы)
| Жалпы бюджети (сом)
| Финансылоо булактары (сом) | |||||
| ДОНОР | ДОНОР | ДОНОР | АО | коомчулук | Жергиликтүү уюмдар | ||||
1 | 2 | 3 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
1 | ФАПтын имаратын куруу | Калмак-Кырчын | 2017-ж | 2 400 000 | 2 000 000 | - | - | 400 000 | - | - |
2 | Атайын техника алуу | Курманбек АА | 2017-ж | 2 000 000 | 1 500 000 | - | - | 500 000 | - | - |
3 | Таза суу системаларын куруу жана оңдоо | Жоон-Күнгөй, Таран-Базар | 2017-2018- ж.ж. | 4 500 000 | 4 000 000 | - | - | 500 000 | - |
|
3 | Ички жолдорду шагылдоо жана асфальттоо | Сары-Булак, Канжыга, Жоон-Күнгөй | 2017-2018- ж.ж. | 5 000 000 | - | - | - | 1000 000 | - | 4000 000 |
4 | Бала бакча куруу | Кара-Чолок-Таран-Базар, Саты | 2017-2018ж. | 41 500 000 | 20 000 000 | 1 000 000 | - | 500 000 | 20 000 000 | - |
5 | Мал суу ичүүчү жайларды куруу | Жайлоолор | 2017-2018- ж.ж. | 2 800 000 | 1 400 000 | - | - | 800 000 | 400 000 | 200 000 |
6 | Маданий имараттарды куруу | Жоон-Күнгөй, Таран-Базар | 2017-ж. | 15 800 000 | - | - | 15 000 000 | 800 000 | - | - |
7 | Мектептин жаны имаратын куруу | Калмак-Кырчын | 2017–2018- ж.ж. | 45 000 000 | 44 000 000 | - | - | 800 000 | 200 000 | - |
8 | Мектептерди куруу жана ондоп түзөө. 3 мектеп | Жоон-Күнгөй, Таран-Базар, Канжыга | 2017–2020- ж.ж. | 83 000 000 | 60 000 000 | - | 5 000 000 | 3 000 000 | 1 000 000 | 14 000 000 |
9 | Электр мамыларын жана чубалгыларын алмаштыруу жана орнотуп тартуу
| Бардык айылдарда | 2017-2018- ж.ж. | 3 300 000 | - | 1 800 000 | - | 1 500 000 | - | - |
10 | Китепканаларды куруу жана ондоо
| Жоон-Күнгөй, Таран-Базар, Калмак-Кырчын | 2018-2020-ж. | 8 500 000 | - | - | 8 000 000 | 500 000 | - | - |
11 | ФАПтын имратын куруу | Жоон-Күнгөй | 2019-ж. | 3 000 000 | 2 000 000 | - | - | 700 000 | - | 300 000 |
12 | «Курманбек» баатырдын күмбөзүн тарыхый этнографиялык борборго айландыруу | Курманбек АА | 2017- 2019- ж.ж. | 8 000 000 | 7 000 000 | - | - | 1 000 000 | - | - |
13 | МТС /машинно-трактордук станция/ уюштуруу жана жарандарга кызмат кылуу | Курманбек АА | 2017-2019 –ж.ж. | 14 000 000 | 11 000 000 |
|
| 1 000 000 | 2 000 000 |
|
14 | Таштанды таштоочу контейнерлерди орнотуу
| Бардык айылдарга жана жол жээктерине | 2017-2021- ж.ж.. | 800 000 | - | - | - | 400 000 | - | 400 000 |
15 | Кышкы көңүл ачуу жайларын куруп, эс алуучуларга кызмат көрсөтүү | Курманбек АА | 2019-2021 ж.ж. | 5 000 000 | 4 500 000 |
|
|
| 500 000 |
|
16 |
Түнкү жарыктарды орнотуу
| Кара-Чолок-Таран-Базар, Калмак-Кырчын, Жоон-Күнгөй,Саты |
2019-2021- ж.ж. |
1 200 000 |
- |
700 000 |
- |
500 000 | - | - |
Курманбек айыл өкмөт башчысы: Бакиров Д.
СИПРМТ иштеп чыгуу боюнча топтун жетекчиси: Дыйканбаев О.М.
4. КОШУМЧА МААЛЫМАТ.
1-тиркеме. АОдо ишке ашырылган микродолбоорлор боюнча маалыматы
2-тиркеме. АОнун социалдык инфраструктурасынын колдоо болгон объектилери боюнча
маалыматы
|
№ | Микродолбоорлордун аталышы | Ишке ашы руу мезги ли | Жалпы бюджети | Анын ичинде салымдар: | МП оз максатына жеттиби | ||||||
А/О | Коом-чулук | Донор | Башка донорлор | Эскертүү
| Эгерде "ООБА" болсо анда канча % | Эгерде "ЖОК" болсо, анын себебин кыскача баяндап бериниз | |||||
1 | Таран-Базар айылына тейлоо борборун куруу | 2004- ж | 446 155 |
| 133 855 | 312 300 |
|
| 30% |
| |
2 | Канжыга айылындагы жолду калыбына келтируу ондоо | 2004-ж | 381700 |
| 131 700 | 250 000 |
|
| 100% |
| |
3 | Калмак-Кырчын айылында ФАПты ремонттоо | 2004- ж | 139 000 |
| 43 300 | 95 700 |
|
| 100% |
| |
4 | Жоон-Кунгой айылына маданият уйун куруу | 2004- ж | 499 840 |
| 296 240 | 203 600 |
|
| 40% |
| |
5 | Саты айылынын жолун ондоо | 2004- ж | 253 816 |
| 83 816 | 170 000 |
|
| 100% |
| |
6 | Кара-Чолок айылына вет сервиске инвентарь алуу | 2004- ж | 69 600 |
| 26 600 | 43 000 |
|
| 100% |
| |
7 | Жоон-Кунгой айылынын жолун ондоо | 2005- ж | 283 733 |
| 102733 | 181 000 |
|
| 100% |
| |
8 | Жоон-Кунгой айылынын жолун ондоо | 2005- ж | 125 408 |
| 50627 | 101 781 |
|
| 100% |
| |
9 | Канжыга копуросун куруу | 2005- ж | 219 383 |
| 51 903 | 167 480 |
|
| 100% |
| |
10 | Саты айылына ФАП куруу | 2005- ж | 263 976 |
| 65 737 | 198239 |
|
| 100% |
| |
11 | Тажибаев мектебинин жылытуу системасын ондоо | 2005- ж | 173 779 |
| 38 839 | 134 940 |
|
| 100% |
| |
12 | Кара-Чолок айылына мончо куруу | 2005-ж | 263 453 |
| 69553 | 193 900 |
|
| 100% |
| |
13 | Таран-Базар айылына маалымат борборун ачуу | 2005- ж | 112 510 |
| 22 510 | 90 000 |
|
| 100% |
| |
14 | Таран-Базар айылына тиш боюнча инвентарь алуу | 2006-ж | 88 686 |
| 47186 | 41 500 |
|
| 100% |
| |
15 | Швейный цех ачуу | 2006- ж | 52018 |
| 12018 | 40 000 |
|
| 100% |
| |
16 | Саты айылына маалымат борборун ачуу | 2006-ж | 238000 |
| 40875 | 190000 |
|
| 100% |
| |
17 | Камбаров мектебинин реканструкциялоо | 2006-ж | 457410 |
| 132400 | 325010 |
|
| 100% |
| |
18 | Кара-Чолок айылына маданият уйун куруу | 2006-ж | 576817 |
| 176729 | 400 088 |
|
| 100% |
| |
19 | Калмак-Кырчын айылына суу тутукчосун тартуу | 2006-ж | 340450 |
| 81075 | 250000 |
|
| 100% |
| |
20 | Канжыга айылына ФАП куруу | 2006-ж | 320842 |
| 79390 | 241452 |
|
| 100% |
| |
21 | Жоон-Кунгой айылына мончо куруу | 2007-ж | 375447 |
| 114587 | 260860 |
|
| 100% |
| |
22 | Калмак-Кырчын айылына суу тутукчосун тартуу | 2010-ж | 439060 |
| 195520 | 243540 |
|
| 100% |
| |
23 | Жоон-Кунгой айылына башталгыч мектеп куруу | 2007-ж | 424165 |
| 97165 | 327000 |
|
| 100% |
| |
24 | Ташматов мектебине ашкана куруу | 2007-ж | 366934 |
| 91445 | 275489 |
|
| 100% |
| |
25 | Саты мектебине ашкана куруу | 2007-ж | 359044 |
| 87555 | 271489 |
|
| 100% |
| |
26 | Кара-Чолок айылындагы маданият уйун тегеретип тосуу жана инвентарь алуу | 2007-ж | 293800 |
| 73800 | 220000 |
|
| 100% |
| |
27 | Ашканага инвентарь алуу | 2007-ж | 57804 |
| 30092 | 27712 |
|
| 100% |
| |
28 | Канжыга айылына копүронүн курулушу | 2011-ж. | 1100 000 |
|
|
| 1100 000 | МЧС |
|
| |
29 | Сары-Булак айылына көпүрөнүн курулушу | 2012-ж | 1700 000 |
|
|
| 1700 000 | МЧС |
|
| |
30 | Камбаров мектебинин чатырын жабуу | 2013-ж. | 2150 000 | 300 000 | 1250 000 |
| 600 000 | Ата-Журт |
|
| |
31 | Атайын техника сатып алуу | 2014-ж. | 1 186 000 | 110 000 |
|
| 1076 000 | ОСИ/ ИПР |
|
| |
32 | Таран-Базар айылына ФАП куруу | 2014-ж. | 2210 000 |
| 300 000 |
| 1910 000 | Стим грант |
|
| |
33 | Канжыга айылындагы бүтпөгөн мектептин үстүн жабуу | 2014-ж. | 1300 000 | 300 000 |
|
| 1000 000 | УКС |
|
| |
34 | Жоон-Күнгөй айылына бала-бакча куруу | 2015-ж. | 2853 900 | 30 000 | 270 000 |
| 2553 900 | Стим грант |
|
| |
35 | Атайын техникага шаймандарды сатып алуу | 2015-ж. | 448 000 | 48 000 |
|
| 400 000 | ОСИ/ ИПР |
|
| |
36 | Жайкы кичи футбол аянтчасын куруу | 2016 | 1900000 |
|
| 1460000 |
| АРИС |
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |