Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январындагы №1
«Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдыгын бекитүү жөнүндө»
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 1182,2 миң сом, атайын каражаттан 796,3 миң сом калдыгын жумшоо жөнүндө Курманбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-январына калган 1182,2 миң сом бюджеттик каражат төмөндөгү чыгымдарга багытталсын:
- жайыт комитетинин кызматкерлеринин эмгек акысына жана анын социалдык фондко болгон чегерүүсүнө 15,8 миң сом,
- Таран-Базар айылындагы «Кызгалдак» балдар бакчасынын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.01.2008-жылдагы №7-токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон 181,4 миң сом ,
- Таран-Базар айылындагы «Кызгалдак» балдар бакчасына 6 конфоркалуу электр плитасын сатып алуу үчүн 110,0 миң сом ,
- Таран-Базар айылындагы «Кызгалдак» балдар бакчасынын имаратынын капиталдык оңдоосу үчүн 362,8 миң сом,
- Таран-Базар айылындагы К.Осмоналиев мектебине курулуш материалдарын сатып алуу үчүн 60,0 миң сом,
- Саты айылынын жолун оңдоого 100,0 миң сом,
- Таран-Базар айылындагы Мамат Камбаров орто мектебинин имаратынын учурдагы оңдоосу үчүн 100,0 миң сом,
- Кара-Чолок айылына сел каналдарын тартууга 50,0 миң сом,
- Жоон-Күнгөй айылына ичүүчү таза суу тартуу үчүн айыл өкмөтүнүн салымына 100,0 миң сом,
- Кара-Чолок айылынын тургуну Алдозова Арзыкан Иминовнага материалдык жардам үчүн 36,0 миң сом,
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФАПтарга мамлекеттик акт жасатуу үчүн 36,2 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. 2017-жылдын 1-январына калган 796,3 миң сом атайын каражат HELVETAS Sviss Intercooperation (ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн) Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы менен Курманбек айыл өкмөтүнүн ортосунда «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорун ишке ашыруунун алкагында 19.06.2017-жылы түзүлгөн №14-PSI-F сандуу алкактык макулдашуунун негизинде «Жоон-Күнгөй айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу» долбоорун каржылоого гранттык жардам иретинде берилген каражат болгондуктан аталган долбоорду ишке ашырууга чыгымдоосу белгиленсин жана максаттуу жумшалсын.
3. 2018-жылдын бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |