Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январындагы №4
“ Сузак райондун “Ардактуу атуулу” наамын сунуштоо жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы, айылдык кеңештин депутатарынын сунушунун негизинде төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Курманбек айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, айыл өкмөтүнүн төмөндөгү жарандарына райондун “Ардактуу атуулу”наамы сунушталсын:
1) Ташматов Замирбек Исакович -И.Ташматов негизги мектебинин директору
2) Танабаев Турат- Жоон-Күнгөй айылындагы “Аргангельск байланыш” бөлүмүнүн жетекчиси
3) Боронбаев Абдымалик Шерматович -айыл өкмөтүнүн жер адиси.
2. Райондун “Ардактуу атуулу” наамын Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.А.Омошевге сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Шекеевге жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |