Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январындагы №7
“Сатыбалдиев Туташтын наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы, Таран-Базар айылынын тургуну Сатыбалдиевдердин кайрылуусунун жана Таран-Базар айылынын элдик жыйынын протоколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таран-Базар айылынын Осмоналиева Нисакандын үйүнөн баштап, Камбаров Касымалинин үйүнө чейин (талаа жактан) Сатыбалдиев Туташтын наамы берилсин.
2. Осмоналиева Нисакандын үйүнөн (талаа жактан) баштап, Камбаров Касымалинин үйүнө чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып кароо Т.Сатыбалдиевдин балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |