Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январындагы №8
“Казыбеков Дайырбектин наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы, Таран-Базар айылынын тургуну Ж.Казыбековдун кайрылуусунун жана Таран-Базар айылынын элдик жыйынын протколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таран-Базар айылынын Көк-Арт магазинден баштап, Килибаев Полотхандын үйүнө чейин Казыбеков Дайырбектин наамы берилсин.
2. Көк-Арт магазинден баштап Килибаев Полотхандын үйүнө чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Казыбеков Д. балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |