Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январындагы №9
“Саитов Сейдалынын наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы, Таран-Базар айылынын элдик жыйынын протоколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таран-Базар айылынын кырман жактан Кишенов Калмаматтын үйүнө чейин Саитов Сейдалынын наамы берилсин.
2. Кырман жактан Кишенов Калмаматтын үйүнө чейинки көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо С.Саитовдин балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |