Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январындагы №11
“Ерматов Маматтын наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы, Жоон-Күнгөй айылынын тургундарынын кайрылуусунун жана Жоон-Кунгой айылынын элдик жыйынын протоколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоон-Күнгөй айылынын “Чечен маала” аталыштагы көчөгө Кулетов Закирден Нышанова Кайрыкандын үйүнө чейин Ерматов Маматтын наамы ыйгарылсын.
2. Кулетов Закирден Нышанова Кайрыкандын үйүнө чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо А. Нышановдун балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жоон-Күнгөй айылынын айыл башчысы А.Абдымаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |