МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын уюштуруу сессиясы
2016-жылдын 30-майы № 3
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 12-декабрындагы №157 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 12-декабрындагы №157 сандуу токтому мыйзамсыз кабыл алынгандыктан жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом боюнча иш алып барган айыл чарба, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Абдыкеримовго эскертүү берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Токошев |