Загрузка документа…
КАРА-ДАРЬЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-мартындагы №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому жөнүндө
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Сузак району боюнча башкармалыгы менен түзүлгөн келишим боюнча Кара-Дарыя өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдозовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Дарыя айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтомунун негизинде белгиленген салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө ишке ашырылсын.
2. Токтомду ишке ашыруу жагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдозовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңещтин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Айдаровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн www.dariaka.my.1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Мурзалиев |