Загрузка документа…
КАРА-ДАРЬЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-мартындагы №2
Тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кара-Дарыя айыл аймагынын ветеринардык адиси Абдуллаев Ы. жана жайыт комитетинин төрагасы Асанов Т. билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Дарыя айылдык кеңешинин сегизинчи сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксылык-Адыр участкасына курулган купканын санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптарга негиз иштетүү ветеринардык адис Абдуллаев Ысмайылга жана жайыт комитетинин төрагасы Асанов Тоялыга милдеттендирилсин.
2. Мал жандыктардын (кой, эчки) купкага таштоо тарифи төмөндөгүдөй болуп аныкталсын:
Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундарына төмөндөгүдөй тарифте жүргүзүлсүн:
1 даана майда жандыктарды купкага таштоо (кой, эчки) 20 сомдон.
Башка айыл аймактын тургундарына:
1 даана майда жандыктарды купкага таштоо (кой, эчки) 20 сомдон.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Тешебаевге жана айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн www.dariaka.my.1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Мурзалиев |