Загрузка документа…
КАРА-ДАРЬЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-мартындагы №3
«Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Төш айылындагы Гулан-Палван мечитин кайрадан курууга уруксат берүү жөнүндө»
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысынын 16.03.2018-жылдагы №72 катын, Төш айылынын жашоочуларынын чогулуш протоколун, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2018-жылдагы отурумунун №11 протоколун, КРнын Жалал-Абад областтык мусулмандарынын дин башкармалыгынын 2018 – жылдагы № 01-15/95 № 37 уруксат барагын карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негизденип Кара-Дарыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Төш айылынын тургуну К.Турсунбаев өз менчигиндеги жеринен Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө өткөрүп берген 400,0 м2 жер аянты мечит куруу үчүн архитектурадан түзүлгөн жер тандоо актысына ылайык уруксат берүүчү документтерин тактоо менен Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берилсин.
2. Аталган мечитке тиешелүү жер аянтына Жерден мөөнөтсүз пайдаланууга укук берүүчү мамлекеттик акты даярдап берүү жагы Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан, ал эми курулушуна долбоор даярдап берүү жагы архитектура кызматынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтом Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн www.dariaka.my.1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Мурзалиев |