Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябрындагы №9/1
Жаңы-Жол айыл аймагында муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагында муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча Жаңы-Жол айыл ѳкмөтүнүн жер адиси С.Ысаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI1-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай салуу үчүн жаӊы жер тилкесин алууга чыккан токтомго-1000(миӊ) сом
-Турак жайларды мыйзамдаштырууга чыккан токтом,буйруктарга-400(тѳрт жүз)
-коммерциялык иштер үчүн берилген жерлерге бир сотых жер -1000 (миӊ) сом
- коммерциялык иштер үчүн ижарага берилген имараттын 1 кв.метри 100 дон 300 сомго
чейин
-ижарага берилүүчү кайракы жерлерге 1 га жер үчүн-500 (беш жүз) сом
-ижарага берилүүчү суулуу жерлерге 1 га жер үчүн-500 (беш жүз) сом
-Жаӊы жерлерди ѳздѳштүрүү үчүн ижарага берилген жерлер 3 жылга чейин
акысыз,андан кийин түшүмүнѳ жараша 200 сомдон 1000 сомго чейин
-Жер тилкесинин ашыкча жерине ижара акысы бир сотых жерге бир жылга 10 сомдон
айыл ѳкмѳтүнүн атайын каражат бѳлүмүнѳ тѳгүлсүн.
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |