Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябрындагы №9/2
Жаңы-Жол айыл ѳкмөтүнүн 2017-жыл үчүн бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүктѳрүнүн айрым элементтерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл ѳкмөтүнүн 2017-жыл үчүн бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүктѳрүнүн айрым элементтерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл ѳкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкүнбаевтин билдирүүсүн,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI1-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылдык пландан ашыкча түшкѳн тѳмѳнкү салыктын түрүнѳн
-Лицензия үчүн тѳлѳм-20000 (жыйырма) миӊ сом
Жалпысы:20000(жыйырма) миӊ сом акча каражаты айыл ѳкмѳттүн бюджетинин киреше бѳлүгүнүн планына кошумча киргизилсин.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджеттик каражатарына тендер жарыялоонун жыйынтыгынан үнѳмдѳлгѳн 68500 (алтымыш сегиз миӊ беш жүз) сом жана жылдык пландан ашыкча аткарылган 20000,00(жыйырма) миӊ сом кошулуп,
Жалпысы: 88500,00(сексен сегиз миӊ беш жүз) сом акча каражаты чыгаша бѳлүгүнѳ кошумча смета менен киргизилсин.
3. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |