Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябрындагы №9/5
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жаӊы-Жол айыл аймагынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жаӊы-Жол айыл аймагынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы К.Райымбековдун билдирүүсүн жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,Жергиликтүү айылдык Кеӊешинин V11-чакырылышынын кезексиз 1Х-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жаӊы-Жол айыл аймагынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ түзүлгѳн келишим жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |