Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябрындагы №9/6
Кой-Таш айылындагы суу түтүктѳрүн убактылуу пайдаланууга берүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Кой-Таш айылындагы суу түтүктѳрүн убактылуу пайдаланууга берүү жѳнүндѳ айыл тургундарынын кайрылуусун, айылдык Кеӊештин депутаты Н.Калпаковдун жана Ж.Айталиевдин билдирүүсүн жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,жергиликтүү айылдык Кеӊешинин V11-чакырылышынын кезексиз 1Х-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кой-Таш айылындагы суу түтүктѳрүн Таштак айылына диаметри 50 см,узундугу 12 (он эки) метр- 4 (тѳрт) даана,Кой-Таш айылына диаметри 30 см узундугу 12 (он эки) метр- 2(эки) даана сугат арыктарга убактылуу пайдаланууга тил кат алуу менен макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |