Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябрындагы №9/7
Элдик жалпы жыйында артыкчылыкка ээ болгон “Балдар биздин байлыгыбыз” жана “Дени сак окуучу-дени сак мамлекет”долбооруна жергиликтүү бюджеттен каражат бѳлүп берүү жөнүндө
Жаӊы-Жол айыл аймагынын жалпы жыйынында артыкчылыкка ээ болгон Жалал-Абад ѳнүктүрүү фондуна сунушталган“Балдар биздин байлыгыбыз” жана “Дени сак окуучу-дени сак мамлекет”долбооруна жергиликтүү бюджеттен каражат бѳлүп берүү жана 2017-2018-жылга түзүлгѳн Биргелешкен аракет планын бекитүүжөнүндө М.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин V11-чакырылышынын кезексиз 1Х -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл аймагынын жалпы жыйынында артыкчылыкка ээ болгон, “Балдар биздин байлыгыбыз” жана “Дени сак окуучу-дени сак мамлекет”долбоору жактырылсын.
2. Жалал-Абад ѳнүктүрүү фондуна сунушталган“Балдар биздин байлыгыбыз” долбооруна 58 061 (элүү сегиз миӊ алтымыш бир) сом жана “Дени сак окуучу-дени сак мамлекет”долбооруна 46 219 (кырк алты миӊ эки жүз он тогуз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бѳлүнүп берилсин.
3. 2017-2018 жылдарга карата түзүлгѳн Биргелешкен аракет планы алымча-кошумчасы менен жактырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |