Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябрындагы №10/1
“Жаӊы-Жол айыл аймагынын айыл чарба жер салыктарынын базалык ставкаларын кѳбѳйтүү жѳнүндѳ”
Күн тартибиндеги “Жаӊы-Жол айыл аймагынын айыл чарба жер салыктарынын ставкаларын кѳбѳйтүү жѳнүндѳ” айыл ѳкмѳтүнүн башкы салыкчысы А.Маметовдун билдирүүсүн жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап жергиликтүү айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл аймагынын айыл чарба жерлери айылдан 20 км (Тегене),120 км (Терс) алыстыкта жайгашкандыгына байланыштуу жана айдоо аянттар эррозияга учурап түшүмдүүлүгү аз болгондуктан,жер шартынын асылдуулугун эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы;
а) Суулуу жерге-1 га -306 сом
б) кайракы жерге -1 га-56,70
в) чѳп чабынды- 1 га-15,90 сом болуп ѳзгѳртүүсүз калтырылсын
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Р. Дооранов |