Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабрындагы №10/4
«Жаны-Жол айыл ѳкмѳтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдигин бекитүү жѳнүндѳ»
Күн тартибиндеги Жаны-Жол айыл ѳкмѳтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдигин бекитүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы К.Кѳкүнбаевдин билдирүүсүн ,бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги X-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл ѳкмѳтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин.
-Маданият үйүнүн башчысы штат бирдиги сакталсын.
-Кѳркѳм жетекчи кызматкерине эмгек акы тѳлѳнбѳсүн жана штат бирдиги сакталсын.
2. Таштак,Кой-Таш,Терс айылдарынын айыл башчыларынын эмгек акылары 0,75 ѳлчѳмү менен эсептелип, Караган-Сай айылынын айыл башчысы деген кошумча штат берилип, айлык акылары жетектѳѳчү адистин деӊгеелинде бекитилип берилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Р. Дооранов |