Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабрындагы №10/5
“Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин жана туруктуу комиссияларынын 2018-жылга карата иш планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жѳнүндѳ”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин жана туруктуу комиссияларынын 2018-жылга карата иш планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жѳнүндѳ айылдык Кеӊештин тѳрагасы Р.Доорановдун билдирүүсүн угуп талкуулап Жергиликтуу айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин жана туруктуу комиссияларынын 2018-жылга карата иш планын иштеп чыгуу боюнча тѳмѳндѳгү курамда жумушчу топ түзүлсүн
1) Керимкулов Болсунбек -тѳраганын орун басары; жумушчу топтун тѳрагасы
2) Мүчѳлѳрү;
3) Калпаков Нурубек -айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы
4) Кулматов Алимбай -мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы
5) Карашов Ажыбай бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы
6) Күзѳбаева Турсунай социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |