Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 30-майы № 5
ЕБРРдин проектиси боюнча чогулуштардын протоколдорун кварталдарга бөлүүнү бекитүү жөнүндө
ЕБРРдин проектиси боюнча калкты ичүүчү суу менен каржылана турган акча каражатын (берилүүчү кредитти) өкмөт өз убагында пайдаланып, кайтарууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген чогулуштун протоколун жана Мырза-Аке айылын кварталга бөлүү жөнүндө маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЕБРРдин проектиси боюнча калкты ичүүчү суу менен каржылана турган акча каражатын (берилүүчү кредитти) өкмөт өз убагында пайдаланып, кайтарууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген чогулуштун протоколдору бекитилсин.
2. Коммунист айылынын төмөндөгү айылы жана көчөлөрү Кыл-Чоко айылы, А. Мадоморов, М. Жээнбеков көчөсү базардан Ш. Койлубаев көчөсүнө чейин, ДСУ айылы, И. Турумбеков, А. Полотов, К. Нурмаматов, А. Апиев, С. Жусупов, А. Калдаров, Н. Танаев, Пионерский, К. Курманкулов, Д. Кыдыршаев, А. /ркүнбаев, Ш. Маматов, С. Маматов, М. Жээнбеков сай маала жана Лесхоз көчөлөрү, А. Карашов Ш. Койлубаев көчөсүнө чейин 1-квартал болуп бекитилсин.
3. Борбор айылынын төмөндөгү көчөлөрү К. Сакыев, Ныязаалы, А. Көккөзов, Көлдүк, /. Куманалиев, Т. Сатылганов, Курманжан Датка көчөсү 1-2-3-бурумдары менен, Кара-Шоро, Б. Маметов, М. Нурбаев, А. Карашев, Нооруз, К. Жумалиев, А. Муратов, Т. Осмонов, А. Токсунов, Т. Молдалиев, Ш. Маматов, Аскер бөлүк, Т. Тойгонов, Э. Токошев, А. Султанов, Обком-Жаңы чек, С. Тургамбаев, Гражадын ичи, К. Тажибеков, В.И.Ленин, К. Маркс, Комсомольская, Общежитие, Данияр-Нур балдар бакчасынын арткы көчөлөрү, Тегерек-Коргон, Ш. Койлубаев көчөсү 1-2-бурумдары менен 2-квартал болуп бекитилсин.
4. Адыр айылынын төмөндөгү көчөлөрү Б. Текешов, М. Бообеков, Алыкулов, Ынтымак, Жаштык, Бай-Түшүм 3-квартал болуп бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |