Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябрындагы №2/3
Ак-Суу айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча 2018-жыл үчүн түрткү берүүчү грантка “Ак-Суу” айыл өкмөтүнүн кеңсесинин капиталдык ремонтуна 347000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча 2018-жыл үчүн түрткү берүүчү грантка “Ак-Суу” айыл өкмөтүнүн кеңсесинин капиталдык ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |