Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябрындагы №4
Ак-Суу айыл аймагынын тургуну Бокоева Назиранын курулуп калган аптекасы боюнча калктын жазган суроо талабы менен мыйзамдаштыруу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын тургуну Бокоева Назиранын курулуп калган аптекасы боюнча калктын суроо талабын чечүү менен мыйзамдаштырып берүү жагы жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |