Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабрындагы №7/2
Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша болугун бекитуу жөнүндө
Барпы айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 2018-жылга бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Кыргызбаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Барпы айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражаттар менен кошулуп 31006,8 мин сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тендоо грантынын көлөмү 2018-жылга 12620,4 мин сом № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге № 3 тиркемеге ылайык жумшалсын.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 31006,8 мин сом өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин..
4. 2018-жылга электр энергиясынын лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин. Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылган көлөмдөрү боюнча карыздарды өз убагында жабуу учун айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсүн.
5. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы учун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.01.2008-жылдагы № 7 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон акча каражаты № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 280,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
7. Пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча жыйналган кирешелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык айылдык кенештин чечиминин негизинде пайдалануу эскертилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403, 01.03.2017-ж № 131 жана 07.08.2017 жылдагы № 466 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун негизинде № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна ылайык айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жана калктын санына жараша 12 айыл башчы штат жана аскерге каттоо бөлүмүнүн 4 штат бирдиги № 7 тиркемеге ылайык кармалсын.
10. Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жылдагы № 75 мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 31- беренесинин 7-пунктуна ылайык муниципиалдык кызматкерлерди жылдын жыйынтыгы менен баалоонун негизинде 1 айлык өлчөмүндө сый акы төлөнсүн.
11. Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жылдагы № 75 мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 31- беренесинин 10-пунктуна ылайык кызматкерлерди материалдык жактан колдоо максатында социалдык тиричилик маселелерин чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 айлык өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги № 8 тиркемеге ылайык кармалсын.
13. Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн штат бирдиги № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдагы № 471 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.05.2016-жылдагы № 241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
15. Транспорттук чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы № 767 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 18.09.2006-жылдагы № 672 токтомунун негизинде № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. 2018-жылга башкаруу бөлүмүнүн 2212 беренеси 78,4мин сом, 2215 беренеси 1459,0 мин сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 140 мин сом, учурдагы ремонт 2221 беренеси 1500,0 мин сом, машиналарга жабдууларды алуу чыгымдары 317,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
17. 2018-жылга ЖХК бөлүмүнүн чыгымдары 2215 беренеси ар түрдүү чыгымдар суммасы 370,0 мин сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 150,6 мин сом, учурдагы ремонт 2221 беренеси 2000,0 мин сом, машиналарга жабдууларды алуу чыгымдары 700,0 мин сом, имараттар курулмарларга 3111 беренеси 2850,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
18. 2018-жылга маданият бөлүмүнүн чыгымдары ар түрдүү чыгымдар 2215 беренеси 410,0 мин сом, мүлктү учурда ондоо чыгымдары 50,0 мин сом, өлчөмүндө бекитилсин.
19. 2018-жылга билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2212 беренеси байланыш кызматы 24,0 мин сом ,ар түрдүү чыгымдар 2215 беренеси 351,0 мин сом, имараттар курулмалар чыгымдары 3111 беренеси 2400,0 мин сом, мүлктү учурда ондоо 2221 беренеси 380,0 мин сом, чарбалык буюмдарга 310,0 мин сом көмүр сатып алуу 2224 беренеси 660,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
20. Балдар бакчаларындагы ата-энелерден 1ай учун төлөнүүчү каражат Арууке, Баластан, Жеткинчек, Жаш-канат бакчаларында 600 сом, Элхан бакчасында 500 сом өлчөмүндө төлөө белгиленсин жана чогулган каражатты бюджетке толугу менен төлөп иштетуу жагы балдар бакчаларынын жетекчилерине жекече милдеттендирилсин.
21. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык инспекторуна, аренда бухгалтерине жеке милдеттендирилсин.
22. 2018-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
23. Айыл округу боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча каражаты 01.01.2019-жылга карата 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
24. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына А.Сыргабаевке жүктөлсүн.
25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
26. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.
Төрага | У.А. Абдыкулов |