Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабрындагы №7/3
Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Элдердин айыл чарба малдарын жеке ветеринардык врачтар аркылуу тейлөө, айылдар боюнча бекитүү жана ветеринардык кызмат көрсөтүү акысын белгилөө, малдарга идентификация жүргүзүү жана аны каттоо жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги Барпы жайыт комитетинин кайрылуу сунушун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган элдердин айыл чарба мал жандыктарын Жалал-Абад областык монополияга каршы күрөшүү агенттигинин, Сузак райондук ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 2014-жылдагы коюлган баасынын негизинде мал ээлеринен кызмат көрсөтүү акысы алынсын.
2. Барпы айыл округунун аймагында жашаган элдин мүйүздүү малдарын каттап, идентификациядан өткөргөндүгү үчүн ар бир баш малдан кызмат акыга 30(отуз) сомдон баа белгиленсин.
3. Идентификациядан өткөн ар бир баш ири мүйүздүү малды компьютердик базага каттоого, сметанын негизинде акы төлөп берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Барпы айыл аймагында ветеринардык профилактикалык иштерди алып баруу жана эпизоотиялык абалды өз денгээлинде кармоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында айылдык кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде акча каражат бөлүп берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
5. Барпы айыл округунун аймагындагы айылдарга кызмат көрсөтүү үчүн ветеринардык кызматкерлерге төмөндөгү тартиптк бөлүнүп берилсин.
Ветеринардык врачтар | Бөлүнгөн тейлөөчү айылдары |
Муратов А, Акбаев А | №1 участканын бардык айылдары жана Миң-Орүк, Жаны-Айыл, Төөлөс, Сай, Маркай айылдары |
Каржоодиев Асылбек, Таджиев Х | №3 участканын айылдары жана Таштак, Канды, Боз-Чычкан, Ачы айылдары |
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
7.Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Абдыкулов |