Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабрындагы №7/4
Барпы жайыт комитетинин 2017-жылга аткарган иши, бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга бюджет, тариф, штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы күн тартибиндеги Барпы жайыт комитетинин кайрылуу сунушун карап жана талкуулап Барпы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы жайыт комитетинин 2017-жылга киреше бөлүгү 1098765 сом, чыгаша бөлүгү 890274 сом болуп бекитилсин. (маалымат көчүрмөсү тиркелет).
2. Барпы жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иши боюнча ЖК төрагасы А.Каржоодиевдин берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Барпы жайыт комитетинин 2018-жылга киреше бөлүгү 980000 сом, чыгаша бөлүгү 1483,0 сом болуп бекитилсин.(маалымат көчүрмөсү тиркелет).
4. Барпы жайыт комитетинин 2018-жылга жайыт пайдалануу тарифи бекитилсин.
5. Барпы ЖКинин 2018-жылга керектелүүчү штаттык бирдиктери бекитилсин (штаттык бирдик көчүрмөсү тиркелет).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
7. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Абдыкулов |