Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабрындагы №7/7
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү” жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле 17-февраль 2015-жылкы жергиликтүү жамааттын Уставын жетекчиликке алуу менен айылдык кеңеши төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин 3 жана 6-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин (№1 жана №2 тиркеме).
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.
Төрага | У.А. Абдыкулов |